Экс-министр Ольга Лавровага Бишкек ЖЭБДи жаңыртуу иши боюнча айып тагылды

2013-жылы Ольга Лаврова каржы министрлигинин, экономика министрлигинин жана ТИМдин эскертүүлөрүнө карабастан, ЖЭБди жаңыртуу долбоору боюнча Кытайдын Эксимбанкы менен насыя келишимине кол койгон.

Ольга Лавровага каршы айыпты 11-февралда башкы прокуратура бекитти. Айыптын чоо-жайы белгисиз. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тергөө кызыкчылыгына таянып, кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Ольга Лаврова 2012-2015-жылдары каржы министрлик кызматты аркалаган. Ал Бишкек ЖЭБин жаңыртуу боюнча долбоорго каражат бөлгөн Кытайдын Эксимбанкы менен насыя келишимине кол койгон.

Бул насыя келишимин 2018-жылдын майында депутаттар сынга алышкан. Жаңыртууга кеткен чыгымды изилдеген парламенттик комиссия Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү каржы министрлигинин, экономика министрлигинин жана ТИМдин эскертүүлөрүн эске албастан, келишимди жактырган деген тыянак чыгарган.

Натыйжада парламент Эксимбанк менен түзүлгөн насыя келишиминде «Кыргызстандын кызыкчылыгы жазылган эмес» жана бул «өлкөнүн Конституциясына каршы келет» деген жыйынтыкка келген.

ЖЭБди жаңыртууну парламентте териштирүү учурунда Лаврова келишимге кол койбой коё алмак эмес экенин, себеп дегенде өкмөт — бул коллегиалдуу орган жана ал анын чечимине баш ийиши керек болгонун ырастаган.

Учурда каржы министрлигинин мурдагы башчысы «Газпром-Кыргызстан» компаниясынын директорунун орун басарлык кызматын аркалайт. Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» кабарчысынын Лаврова менен жеке байланышууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.

Бишкек ЖЭБдеги авария жана кылмыш иштери

2018-жылдын январында ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгон авариядан кийин укук коргоо органдары аны жаңыртууга кеткен чыгымдарга көңүл буруп башташкан. Парламент да, өкмөт да өз комиссияларын түзүшүп, окуянын чоо-жайын изилдешкен, ал эми УКМК кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштаган.

Азыр Жылуулук электр борборун жаңыртуу боюнча кылмыш иштеринин фигуранттары болуп Ольга Лавровадан тышкары, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, андан тышкары, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев да өтүүдө.

Сапар Исаковдун тарапташтары ЖЭБ боюнча иштерде учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын иниси Асылбек Жээнбековдун да жоопкерчилигин караш керек деп көшөрүшүүдө, себеп дегенде учурдагы президент Жылуулук борборун жаңыртуу боюнча жыйынтыктоочу иштер учурунда өкмөт башчы, ал эми анын Эксимбанк менен насыя келишими жактырган иниси Асылбек парламентти жетектеп турган.

2019-жылдын февралында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев басма сөз жыйынында билдиргендей, ЖЭБди жаңыртуу жана авария боюнча Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор «текшерилбейт», анткени ЖЭБ иши боюнча бардык далилдер чогултулган.