Саясий туткундагы Асанов менен Кадыров мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар бийликти басып алуу боюнча 12 жылга кесилишкен

Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров

Материал 16:00дө жаңыртылды.

Саясий туткундагылар комитетинин башчысы Сапар Аргымбаев «Клооптун» журналистине билдиргендей, Жогорку сот оппозиционерлерди бошотуу чечимин 12-февраль күнү эртең менен кабыл алган.

«Алар мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулду. […] Жогорку соттун чечиминен кийин аларды тергөө изоляторунда кармоого укуктары жок», — деди Аргымбаев.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Асанов менен Кадыровдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Азырынча дагы бир саясий туткундагы Эрнест Карыбековго да ушундай эле чечим чыгарылабы же жокпу белгисиз. Буга чейин Карыбеков да 20 жылга эркинен ажыратылган.

2017-жылы апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозиционерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековду «бийликти күч менен басып алууга» даярдануу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Асанов менен Кадыров мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга, ал эми Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылган.

2018-жылы январдын аягында соттолгон оппозиционерлер ачкачылык жарыялашкан. Алар ошол учурда УКМКны жетектеп турган Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылышкан. Алардын айтымында, Сегизбаев сот чечимине таасир эткен.

Авторлошу: Айсымбат Токоева