Азырынча Кыргызстанда экс-президент деген макамды Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев алып жүрөт. 

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин экинчи окуучусуна жөнөтүлдү. Документке өзгөртүүлөр киргизилди. Депутаттар жаңы эмне сунуштап атышканын жана эмне үчүн документтин демилгечилеринин бири Исхак Масалиев ага каршы добуш бергенин айтып беребиз.

Масалиев менен Зулушевдин мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү 12-февралда парламенттин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде киргизишти. Эмне өзгөрдү?

• Өз кызматынан кеткенден кийин экс-президент саясий ишмердик кыла албайт; ал маморгандардагы же саясий партиялардагы жетекчилик кызмат орундарында иштей албайт. Эгер ал бул талапты бузса, анда ал экс-президентке берилген кепилдиктер менен артыкчылыктардан ажыратылышы мүмкүн.

• Экс-президентке жана анын мүлкүнө кол тийбестик кепилденет. Бирок ал абсолюттук эмес, эгер башкы прокуратурада мурдагы өлкө башчысы өзгөчө оор кылмыш жасаган деген шек болсо, экс-президент андан кол жууп калышы мүмкүн. Бул учурда башкы прокурор парламентке кайрылат, ал эми өз кезегинде ал экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу же ажыратпоо керектигин чечкен атайын комиссия түзөт.

• Депутат Курманкул Зулушев мыйзам долбоорду «өтүп кеткен мөөнөт», тагыраагы 2007-жылдын 23-октябры менен кабыл алууну сунуштады.

Өзгөртүүлөргө ким каршы болгон?

Мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизүүнү депутат Исхак Масалиев (документтин авторлорунун бири) жана Асел Кодуранова колдошкон жок — алар конституциялык мыйзамдар боюнча комиссиянын курамына киришет.

Масалиев өз мыйзам долбоорун ага башка депутаттар киргизген өзгөртүүлөрдөн улам колдобой койгонун «Клооптун» кабарчысына курган маегинде айтты.

«Биз [Зулушев менен экс-президенттин кол тийбестигин] алып таштоону сунуштаганбыз. Такыр жоюуп салууну. Ал эми кесиптештер татаалдашкан вариантты сунушташты — башкы прокурор жана Жогорку Кеңеш аркылуу [экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу]», — деп түшүндүрдү Масалиев.

Ал эми анын кесиптеши Асел Кодуранова Зулушевдин кол тийбестик боюнча өзгөртүүлөрү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен эмес, 2007-жылдын 23-октябрынан тарта күчүнө кириши керектиги үчүн колдобой койгонун «Клооптун» кабарчысына билдирди.

Юристтер эмне дешүүдө?

Зулушевдин сунушу чын эле Конституцияга каршы келеби? «Прецедент» компаниясынын юристи Бекболот Касаболотовдун пикири боюнча, бул талаштуу маселе.

Анын айтымында, Зулушевдин сунушу бир жагынан экс-президенттин абалын начарлатат, ал эми бул негизги мыйзамды бузат.

Башка жагынан бул өзгөртүү «экс-президенттен абсолюттук кол тийбестикти алып», аны Конституциянын алдында бирдей кылат, ал эми мурдагы президентте анын макамы сакталып калат.

Экс-президенттин кол тийбестигине карата суроолор кандайча пайда болгон?

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө жобону Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авариядан жана анын артынан коштолгон териштирүүдөн кийин талкуулай башташкан. Авариянын себептерин жана жаңыртууга кеткен чыгымды териштирүү учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жана ага чейинки өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамилелер солгундап кеткен шартта өткөн.

2018-жылдын май айында ЖЭБди жаңыртуу боюнча депутаттык комиссия өзүнүн териштирүү ишинин жыйынтыктарын көрсөткөн. Ал изилдөөдө ЖЭБди жаңыртуу боюнча долбоордо «Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынган эмес», ал эми ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаев өкмөттүн ишине кийлигишип турган деп айтылган.

Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу теманы эл өкүлдөрү гана козгошкон эмес, ал жөнүндө юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов да бир нече жолу айтып чыккан. 2018-жылы жайында юрист Конституциялык палатага алар экс-президенттин кол тийбестиги боюнча жобону Кыргызстандын Конституциясына шайкештигин текшерүүнү өтүнүп кайрылган.

Ал эми Конституциялык палата 2018-жылы күзүндө экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө жобону Баш мыйзамга каршы келет деп таап, бул иммунитетти алып салууга боло турган механимзмди иштеп чыгууну тапшырган.

Эгер бул мыйзам долбоорду жактырышса, анда ал кимге тийиштүү болуп калат?

Кыргызстанда экс-президент деген макамды алып жүргөн эки адам бар: Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. Эгер Масалиев менен Зулушевдин мыйзам долбоорун сунушталган өзгөртүүлөр менен жактырышса, анда өзгөртүүлөр ушул эки экс-президентке жана кийинки президенттерге тийиштүү болуп калат.

Кыргызстандын алгачкы эки президенти Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевте экс-президент деген макам жок.

Тема боюнча:

Эмне үчүн экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга жардам бербейт?

Депутаттар экс-президентти кантип жоопкерчиликке тартуу керектигин ойлоп чыгышты

Конституциялык палата экс-президенттерди кол тийбестиктен кантип ажыратуу керектигин ойлоп чыгууну тапшырды. Бул эмнени айгинелейт?