Видео: КСДПнын бухгалтери Жээнбековдун «көмүскө кассасы» тууралуу документтердин чындыгын тастыктады

КСДПнын бухгалтери Надира Сатыгул кызы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын иши тууралуу финансылык документтер чын экенин айтып берген видео жарыялады. Анын айтымында, ал чет өлкөгө чыгып кетээр алдында аларды экс-президент Алмазбек Атамбаевге калтырып кеткен.

Сатыгул кызы билдиргендей, Икрамжан Илмиянов шайлоодо Жээнбековдун жеңиши үчүн «көптөгөн нерсе» кылганына карабастан анын камакка алынышынан улам Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечкен.

«[Ал камакка алынгандан кийин] аңдуу, шектүү телефон чалуулар сыяктуу кызыктай нерселер башталды. Мен бул жөнүндө Алмазбек Шаршеновичке айтып берсем, ал мага убактылуу өлкөдөн кете турууну сунуштады», — деди ал.

Сатыгул кызы Атамбаев аны жеке коопсуздугу үчүн Кыргызстандан чыгып кетүүгө «ынандырганын» кошумчалады. Бирок ошентсе да ал «эч кимден качпагандыгын» билдирген.

«Мен жөн гана көрсөтмөлөрүм менен кызыл кулактык кылышканын каалаган жокмун», — деди ал.

Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кетээр алдында жеке коопсуздугун камсыздоо максатында шайлоо боюнча материалдарды Алмазбек Атамбаевге калтырып кеткенин кошмучалаган.

«Алар интернетке чыгып кетет деп ойлогон да эмесмин. [...] Азыр болсо Токтакунов аларды жарыялап "балким жакшы кылгандыр" деп да ойлоп жатам. Чындык деген чындык да», — деп кошумчалаган ал.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын башкы эсепчиси Бишкекке ага Кыргызстанда «кысым кылышпаганына» көзү жеткенде кайтып келээрин билдирген.

• 2018-жылы 15-ноябрда Жээнбековдун шайлоо штабынын «көмүскө кассасы» жөнүндө маалыматты юрист Нурбек Токтакунов ачыкка чыгарган. Расмий маалыматтарга ылайык, Жээнбеков шайлоо кампаниясына 158 млн сом жумшаган. Бирок Токтакунов жарыялаган маалыматка ылайык, Жээнбековдун штабынын чыныгы чыгымдары 1,1 млрд сомду жана 6,5 млн доллардан ашуун каражатты түзгөн — жалпы суммасы 24 млн доллардан ашуун.

• 19-ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына курган маегинде жарыяланган документтер «реалдуу» экенин билдирип, маалыматтын ачыкка чыгып кетишин жакын үзөңгүлөшү Икрамжан Илмияновдун камакка алынышы менен байланыштырган.

• КСДПнын штабынын башкы эсепчиси Надира Сатыгул кызы Кыргызстандан, Жээнбековдун штабынын шайлоодогу чыныгы чыгымдары болушу ыктымал документтер коомдук желеге жарыяланып кеткенге чейин төрт күн мурда 2018-жылдын 11-ноябрында чыгып кеткен.