"ЭМАКОМ" компаниясы куруп жаткан жети кабаттуу үй. Сүрөт: Аскарбек Мырзабеков / Kloop.kg

Ош шаардык прокуратурасы Сулайман тоонун коргоого алынган аймагына салынчу жети кабаттуу турак-жайдын курулушу «тиешелүү уруксат кагаздары жок» башталганын аныктады.

Контекст: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2008-жылы калаадагы Ленин көчөсү 351 дареги боюнча жайгашкан эки кабаттуу үйдү «авариялык абалда» деп тапкан. Союз убагында курулган имарат ошол жылы 6,5 баллдык жер титирөөдө жабыркап, батирлердин дубалдарында жаракалар пайда болгон. Анда жалпы 40 үй-бүлө баш калкалаган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алардын өз алдынча турак-жайды оңдоого шарттары жок болгондуктан «ЭМАКОМ» компаниясы менен келишим түзүшкөн. 2018-жылдын соңунда эки кабаттуу үй бузулуп, компания анын ордуна жети кабаттуу турак-жай салууга даярдык көрө баштаган.

Эмне болду?

Шаардык прокуратура Ленин көчөсү 351 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн курулушу тиешелүү уруксат кагаздары жок башталганын аныктап, 2018-жылдын 31-декабрында курулушту ишке ашырып жаткан «ЭМАКОМ» компаниясынын жетекчисине каршы «өзүм билемдик» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардык архитектурага курулушту өзүм билемдикке салып баштаган компанияга уруксат кагаздарын бербөө боюнча жазма буйрук берилди. Шаардык прокуратура 7-февралда аталган факт боюнча шаардык сотко доо арыз менен кайрылган», — деп маалымдашты Башкы прокуратурадан.

«Жаңы курулуш Сулайман Тоонун буфердик аймагында жайгашкан»

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева, жаңы турак-жай курулуп жаткан аймак Сулайман Тоонун буфердик (ред. — коргоого алынган) аймагына киргендиктен, анда төрт кабаттан бийик имарат салууга тыюу салынганын айтат.

«Биздин маалыматтар боюнча шаардык архитектура компанияга курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берген эмес. Алар курулушту өз билемдикке салып баштап алышкан», — деди ал.

«ЭМАКОМ» компаниясынын юристи Сүйүн Турусбек уулу курулуш иштерине даярдыктар башталганын тастыктады. Бирок ал жаңы имарат канча кабаттуу болоорун так айта алган жок. Анткени менен турак-жай жети кабаттуу болоору тууралуу маалыматты компаниянын расмий сайтынан табууга болот. Анда курулуш «Сулайман Тоо» комплекси деп аталып, үй заманбап үлгүдө салынаары жазылган.

"Сулайман-Тоо" комплексинин долбоору. Скриншот "ЭМАКОМ" компаниясынын сайтынан алынды

Турусбек уулу компанияга эски эки кабаттуу үйдү бузууга шаардык архитектурадан уруксат алышканын билдирди. «ЭМАКОМ» жаңы турак-жай курулганча андагы 40 үй-бүлөнү убактылуу турак-жай менен камсыз кылууга даяр.

«Мисалы мынча кабат деген өзү туура эмес түшүнүк, бийиктик дешсе жакшы болмок. Канчалык деңгээлде бийик болгонун айтышса, ошого карата иш кылмакпыз», — деди компаниянын өкүлү.

«Эски турак-жайды бузуу иштерине уруксат берилген эмес»

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин жетекчисинин орун басары Хайрулла Ибайдуллаев 2009-жылы жумушчу топ Сулайман Тоонун буфердик жана корук аймактарын белгилеп чыгышкан дейт. Ал Ленин көчөсү 351 дареги буфердик аймакка киргенин тастыктап, курулуш иштерин жүргүзүүгө болоорун, бирок ал тоону тоспошу керек деп тактоо киргизди.

«Азыр курулуш компания жети кабат турак-жай курабыз деп жатат. Бул тоону ошол аймактан толук тосуп калып жатат», — деди Ибайдуллаев.

Шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы Ажымурат Жолдошев «ЭМАКОМ» компаниясына эки кабаттуу үйдү бузуу боюнча уруксат кагазы берилбегенин «Клоопко» айтты.

«[Компаниянын] берилген сунуштарын карап чыгып, регламентке, мыйзамдарга ылайык атайын талаптарды коюп кат жүзүндө жооп бергем. [Эски турак-жайды] бузуу иштерине уруксат берилген эмес», — деди ал.

Ажымуратов аталган дарек Сулайман тоонун буфердик зонасына киргендиктен Маданият жана маалымат министрлигине кат жолдошконун билдирди. Учурда башкармалык министрликтен тиешелүү корутундуну күтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен имараттын бийиктиги канча болушу керектиги аныкталат.

Сулайман тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилип, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон.

Редакторлору: Айдай Беделбекова, Элвира Султанмурат кызы