Жогорку сотко Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча өтүнүч берилди

Өмүрбек Текебаев өзүнүн иши боюнча сот отурумунда. 2017-жыл, жай.

«Адилет» укуктук клиникасы Жогорку сотко оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча өтүнүч берди. Ал коррупция беренеси менен айыпталып, 2017-жылы темир торго түшүп калган. Саясатчы өзү күнөөсүн мойнуна албай келет.

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова «Клоопко» билдиргендей, оппозиционердин ишин кайра карап чыгуу тууралуу өтүнүч Жогорку сотто 13-февралда каттоого алынган.

Анын айтымында, 2019-жылы күчүнө кирген жаңы Кылмыш-Жаза кодексинде Текебаев соттолгон беренелер боюнча жаза чаралары башкача. Жакупова түшүндүргөндөй, мыйзам боюнча, оппозиционердин иши кайра каралууга тийиш.

«Биз соттон Текебаевге карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, ишти райондук сотко кароого жөнөтүүнү суранып атабыз», — деди Жакупова.

«Ата-Мекен» оппозициячыл партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылы 8 жылга соттолгон. Бирок бул мөөнөт кийинчерээк мунапуска байланыштуу 4,5 жылга чейин кыскартылган. Саясатчы эркиндикке 2021-жылы чыгышы керек.

Текебаев орус ишкери Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, саясатчы бул акчаны алган соң Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп бермек.

2018-жылы ноябрда Москванын Тверь соту Маевскийди 37,5 млн. доллар опузалоо иши боюнча камакка алган. Эгер анын күнөөсү далилденип кала турган болсо ишкер 15 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.