Иллюстративдүү сүрөт

12-февралда Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген. Ошол эле күнү Бишкектин жолдорунда унаа тыгындарынын көбөйгөнү байкалган. Мэрия Бишкекте жол кыймылын тездетүү максатында төмөнкү чечимдерди сунуштады.

• 7-апрель (мурдагы Алматы) көчөсүнөн Горький көчөсүнө кетүүчү бурулушта жол чырактын кошумча секциясы пайда болот. Ал 15-17 секунд иштейт;

• Курманжан Датка (мурдагы Алматы) жана Чүй проспектисинин кесилишиндеги жол чырактардын кошумча секцияларынын иштөө мөөнөтү узартылат;

• Чүй проспектисинен экинчи тилке аркылуу Фучик көчөсүнө бурулууга уруксат берилет.

Мэриянын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, жаңы өзгөртүүлөр «эки-үч күндүн ичинде» иштей баштайт.