2018-жылдын ноябрь айы. «Аманбанктын» Куршабдагы сактык кассанын алдына нааразычылыкка чыккандар. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Өзгөн районунун 30дан ашуун тургуну «Аманбанктын» Куршаб айылындагы сактык кассасына «салган акчаларын» кайтарып ала албай жатышат. Куршабдыктардын банкка берген аманатынын суммасы жалпы жонунан 13 млн сомго жакын каражатты түзөт.

2018-жылдын күз айларында Куршаб айылынын тургундары «Аманбанкка» салган акчаларынан кол жууп калганын айтып чыгышты. Ушул күнгө чейин куршабдыктар банктан бир беткей жооп алыша элек. Алардын нааразылык акциялары менен бийлик өкүлдөрүнө жолдогон кайрылуулары да азырынча жоопсуз калууда.

Минара Мирзаева банкка салган акчасын ала албай келаткандардын бири. Ал соңку 15 жылда Орусияда эмгектенип жүргөн. Жалгыз бой эне талаалап тапкан каражатын ошол жактан эле Куршабдагы «Аманбанктын» эсебине которуп турганын айтат.

Топтогон каражатына турак-жай сатып алмакчы болуп, былтыр сентябрь айында мекенине кайтып келген Мирзаева «Аманбанктын» Куршабдагы кеңсесинде кайрылганда анын эч кандай эсеби да, каражаты да жок болуп чыккан. Банкка акча салганын тастыктаган кагаздарын көрсөткөнү менен эч кандай майнап болгон эмес. Ал чогулткан 1 млн сомдой акчасы дайынсыз болуп атканын айтууда.

Ал ортодо Мирзаеванын кырдаалына туш болгон айылдаштары пайда боло баштайт. Акчаларынан кол жууп калган куршабдыктар чогулуп, «Аманбанктын» Бишкектеги башкы кеңсесине чейин барып келишкен.

«Аманбанктын» башкы кеңсесиндегилер куршабдык кардарларынын кайрылуусуна эмне деп жооп бергени так эмес. Тургундар эки башка сөз айтууда: бири банк акчаны кайтарып берет экен десе, башкалары он жылга чейин пайызсыз насыя берет экен деп айтууда. «Ошол күн 2-октябрь болчу. Андан бери канча убакыт өттү, убада аткарылган жок. Бизди жаш баладай алдап келе жатышат», — деп нааразы болду Мирзаева.

Анын айылдашы, 49 жаштагы Динара Турдубаева да «Аманбанктын» Куршабдагы кассасынан эсеп ачып, Орусияда иштеген балдарынын акчасын чогултуп жүргөн экен. Бул эсепке ал 2011-2014-жылдар арасында 900 миң сом, дагы 6 миң 500 долларга жакын акча салганын, бирок банк аны бербей атканын айтууда.

«Аманбанк» эмне дейт?

«Аманбанктын» директору Нурбек Абировдун билдиришинче, Куршабдагы сактык кассасынын башчысы Жеңиш Абдыкадыровдун үстүнөн 2018-жылдын июль айында эле элден арыз түшө баштаган. Кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн натыйжасында Абдыкадыровдун «мыйзамсыз аракеттери» аныкталып, ал ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал эми сентябрь айынан тарта анын үстүнөн нааразычылыгын билдиргендердин саны көбөйө баштаган. Алардын арасында Куршаб айылынын тургундары Минара жана Динара эжелер да бар.

«Жабырлануучулар акчаларын Абдыкадыровдун үйүнө алып барып, мечиттен жолугуп берип жана Орусиядан анын атына которуп турушканы белгилүү болду», — деп түшүндүрдү «Аманбанктын» директору.

«Аманбанктын» Куршабдагы сактык кассасынын кеңсеси. Сүрөт: Нуртаза Абдиев / Kloop.kg

Мындан улам банктын бирдиктүү базасынан арызданып келген 30дай кишинин бешөөсүнүн гана жеке маалыматтары депозиттик тизмеден чыккан. Эми банк алданган кардарларга жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү насыя берүүнү сунуш кылып жатат.

«Тургундар өздөрү макул болуп, күрөө маселеси чечилсе, анда банк жеңилдетилген, узак мөөнөттүү насыя берүүгө даяр. Бирок ушул кезге чейин насыя алуу арызы менен эч ким кайрылган жок. Каржы полициясы ишти иликтеп бүтсө, анын жыйынтыгы менен каралчу маселелер да бар. Мыйзам чегинде иш алып баруудабыз», — деп токтолду Абиров.

Ал кошумчалагандай, «Аманбанктын» Куршабдагы филиалы 2008-жылдан бери депозиттерди кабыл алып келгени менен бирок 2014-жылдан тарта Улуттук банктын тике көзөмөл системасын киргизгенинин негизинде аманаттарды кабыл алууну токтоткон.

Каржы полициясы банк кызматкерине кылмыш ишин козгоду

Каржы полициясы «Аманбанктын» Куршабдагы сактык кассасынын башчысы Жеңишбек Абдыкадыровго каршы «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «талап-тоноо» беренелери менен 2018-жылдын 18-сентябрында кылмыш ишин козгогон. Учурда Абдыкадыров убактылуу кармоочу жайда.

«Эсеп кассанын башчысы жарандардын ишеничине кирип, депозиттерди ачуу жолу менен 13 млн сомдон ашуун каражатты жеке керектөөсүнө жумшагандыгы аныкталды. Башчы жасалма аманат китепчесин жана жасалма келишим барагын жасап, тургундардын каражатын өзүнө ыйгарып алган. Ошону менен аталган каражаттарды банктын кассасына салган эмес», — деп билдирди «Клоопко» Каржы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур.

Мекемеден маалымдашкандай, «Аманбанктан» жабыркаганын айткандар алгач 30дан ашуун болгон болсо, азыркы күндө арыздангандардын саны өсүүдө. Пискур иликтөө иштери аягына чыгып калганын, жакын арада мекеме ишти сотко өткөрүп берээрин кошумчалады.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылы. Сүрөт: Нуртаза Абдиев / Kloop.kg

Куршабдыктардын аманаты качан кайтарылаары белгисиз

Улуттук банк «Аманбанктын» Куршабдагы сактык кассасынын ишмердүүлүгүн 2018-жылдын ноябрында текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгы менен кандайдыр бир чара көрүлүп-көрүлбөгөнүн банктан так айтышкан жок. Кыргызстандын башкы банкы каржы полициясы иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарса, жаралган кырдаал боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөөрүн маалымдайт.

Аманаттарды коргоо агенттигинен «Клоопко» түшүндүрүшкөндөй, мыйзам боюнча ар бир аманатчыга (үстөк пайыздарды кошкондо) 200 миң сомдон ашпаган кун төлөнүп берилет. Бирок бул мыйзам Улуттук банк кайсы бир банктын лицензиясын өз демилгеси менен же мажбурлап чакыртып алганда жана банк банкрот деп табылганда гана иштейт.

Мындан улам куршабдык аманатчылардын каржаттары качан жана кандай шарттарда кайтарылаары белгисиз бойдон калууда.

Каражат кассага түшкөнү далилденсе, акчалары кайтарылат

«Прецедент» юридикалык компаниясынын юристи Фатима Якупбаеванын айтымында, келишим жасалма түзүлсө да, эгерде тургундарда акчалары кассага түшкөндүгү тууралуу дүмүрчөктөрү болсо, бул далил болуп бере алат. Ал эми чет өлкөдөн акча которулгандыгы тууралуу документтер «акча банктын депозиттик эсебинде турат дегенди билдирбейт».

Юрист кошумчалагандай, эгер банктын кызматкеринин күнөөсү далилденсе, жабырлануучулар анын мүлкүнө талапкер боло алышат. Бирок бул үчүн «Аманбанктын» үстүнөн жазылган арыз жетишсиз. Банктын сактык кассасынын ошол кездеги башчысынын үстүнөн сотко арыздануу зарыл.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» кабарчысынын соттолуп аткан Абдыкадыровдун жактоочусу менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Азыркы күндө акчаларынан кол жууган куршабдыктар Каржы полициясынан «адилет чечим» күтүп жатышат. Эгерде алардын кызыкчылыгына чечим чыгарылбаса, тургундар Оштон Бишкекке жөө жүрүш уюштуруп, Ак үйдүн алдында ачкачылык жарыялашаарын айтууда.

Авторлошу: Мээрим Калдарбекова
Редакторлору: Элмурат Асан, Гүлжан Эшбаева, Элвира Султанмурат кызы