Өкмөт башчынын сынынан кийин медкамсыздандыруу фондунун башчысы кызматтан кетүүнү чечти

Марат Калиев. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) башчысы Марат Калиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазды. Мурда аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «жумуштагы кемчиликтери» үчүн сынга алган.

Калиев арызын 18-февралда жазды. Материал жарыяланып жаткан учурга «Клооп» аны менен байланыша алган жок. Аткаминер «24.kg» басылмасына билдиргендей, анын жумуштан кетүүсү өкмөт башчынын сынга алуусу менен байланыштуу эмес.

Калиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-февралда министрлер менен аткаминерлерге сөгүш жарыялангандан кийин өз кызматынан кетүүнү чечкен.

Абылгазиев, Калиевдин ишинен тышкары, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин да ишине нааразы болгон. Өкмөт башчы ага «Жеткиликтүү дары-дармектер» программасын даярдоо ишине байланыштуу сөгүш берген.

Калиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүүсү Абылгазиевдин жалпы өкмөтүнүн отставкага кетиши ыктымал деген кептердин шартында болууда.

Министрлер кабинетин муздак суу үчүн тарифти көбөйтүү, сатык салыгынын накталай төлөмү үчүн 2 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрүү же Кыргызстанга ташылып келүүчү мобилдик телефондор үчүн алымды 100 сом деп бекитүү демилгелери үчүн сынга алышууда.