Иллюстративдүү сүрөт. Темир Сыдыкбеков / RFE/RL

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жарыялаган электрондук паспортторго бланктарды жасоо тендеринде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы утуп алды. Бирок бланктарды жасоого азыраак сумма сунуштаган компания литвалык ишкананын жеңишин кайра карап чыгуу талабы менен тендердик комиссияга арызданды.

МКК 2018-жылдын октябрында электрондук паспорттор үчүн бланктарды жасоого тендер жарыялаган. Тендердин суммасы 1,2 млрд сомду түзгөн.

Тендердин жеңүүчүсү үч айдан соң жарыяланган. Ал Литванын «Гарсу Пасаулис» компаниясы болуп, өз кызмат акысын 940 млн сомго баалаган. Компаниянын сайтында алар 1994-жылдан бери коопсуз басма акысын көрсөтүп келээри айтылган. Буга чейин 50дөн ашуун өлкөгө, анын ичинде Молдова, Грузия жана Азербайжанга айдоочулук күбөлүктөрдү жана паспортторду жасап беришкен.

Компаниянын башкы директору Витаутас Меляускасдын айтымында, алар иштеп чыгарган бланктар европалык стандарттарга туура келет жана документти жасалмалоодон коргогон 40 коргоочу элементтери бар.

Утулгандардын дооматы

Тендерге дагы эки немис, француз жана казак компаниялары катышышкан. Жеңүүчү аныкталгандан кийин утулуп калган компаниялардын бири, «Mühlbauer ID Services» немис компаниясы конкурстун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип, кайра кароону талап кылган.

Фирма өз дооматын алар сунуштаган баа «Гарсу Пасаулис» көрсөткөн нарктан 253 млн сомго төмөн болгондугу менен негиздейт.

«Биз сунуш кылган баа боюнча, Кыргызстандын ар бир жаранына паспорт алуу болжолдуу 160 сомго арзан түшмөк. Бул негизги жүйөлөрдүн бири», — деп билдирген «Азаттыкка» «Mühlbauer ID Servicesтин» менежери Шандор Ков.

Анын айтымында, «Гарсу Пасаулис» компаниясынын электрондук паспорттордун бланктарын жасоо тажрыйбасы жок жана мурда кагаз нускалары менен гана иштеген. Ага карабай тендердик комиссия муну эске алган эмес.

Конкурстук комиссиянын төрагасы Руслан Сарыбаев тендер мыйзамдуу өткөндүгүн билдирип, немис компаниясынын даттануусу каралат деп кошумчалады.

«Мамлекеттик порталда бардыгы мыйзамдарды сактоо менен өттү. Бирок баадан тышкары катышуучулар шайкеш келүүсү талап болгон бир нече параметрлер да бар. Мисалы, акыркы беш жылдагы ишмердиги боюнча маалыматы, канча паспорт даярдап ийгиликтүү ишке ашырганы сыяктуу критерийлер. Ушул нерселерди эске албай эле баага такай берүү туура эмес», — деп айтып берген Сарыбаев «Азаттыкка».

«Гарсу Пасаулис» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанда 2013-жылдан бери иштеп келишээрин билдиришти. Бирок немис компаниясынын аларга багыттаган дооматтарына комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Биз конкурстан утпай калган эки компаниянын дооматтарына жооп бербейбиз. Аны териштире турган Кыргызстанда мамлекеттик органдар бар», — деп билдирген Андриус Лукашявичюс.