Бишкек шаарынын тургуну Сатыбек Молдалиев 25 жылдан бери үтүк чогултуп келет. Учурда алардын саны 500гө чамалайт. Үтүктөрдүн тарыхына кызыккан Молдалиев аларды коллекция кылууну чечкен.

«Эмне үчүн үтүк?» деген сурообузга үтүк үй-бүлөлүк абалды чагылдырып турганын, мурда кээ бир бай жана бардар жашагандарда гана болгонун, кийин медицинада бактерия менен курт-кумурскаларды жок кылууда пайдаланылганын айтып, анын артында тарых жатат деп жооп берди.

«Бул менин хоббим. Бир үтүк эле алганмын баштап көрөйүн деп. Тээ башында турат. Ошондон кийин башталып кетти. Анан барып, карап-карап жыйнап олтурдум да. Ар бир базарга, эки жакка командировкага барсам да ошолордун базарына түшүп, карап көрөйүн деп аракет кылам», — деди ардагер.

Молдалиевдин үтүктөрү бири-бирине таптакыр окшошпойт, эң салмактуулары болжол менен 10 килограммга жакындаса, кичинелери жаш баланын муштумундай эле бар.

Ал үтүктөрүнүн көптүгүнө карабай ар биринин кайсы мезгилге таандык экенин, аны кандай колдоноорун, өзгөчөлүктөрүн жатка билет. Анын үтүктөрү союзга чейинки, союздан кийинки жана жаңы заманбап үтүктөр болуп үч топко бөлүнөт.

«Кийимдеримди эч кимге бербей өзүм үтүктөйм. Үтүктөгөндү жакшы көрөм», — деген Молдалиев үтүктөрдүн саны 1000ге жетсе тарых музейге өткөрүп берем дейт.

Видео: Тилек Бейшаналы уулу, Дастан Үмөтбай уулу