Иллюстративдүү сүрөт. Александра Титова / Kloop.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевди саясатчы Айдар Халиков сотко берди. Жаңы үлгүдөгү паспорттордон улуту көрсөтүлгөн графаны алып салышкандыгы аны кемсинткендиктен ал сотко кайрылууну чечкен. Кийинчерээк сот керектүү документтердин жоктугунан улам ага доо арызын кайтарып берген.

Материал 21-февралда саат 12:00дө жаңыртылды

Халиков 2013-жылы Өзбекстандын Фергана облусунан Кыргызстанга этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүүсүнө көмөк көрсөткөн «Кайрылман» программасынын негизинде кайтып келген.

«Мен Кыргызстанга иденттүүлүгүмдү, улутумду, маданиятымды жоготуп албаш үчүн көчүп келгем. Бирок менин улутумду уурдап алышты. Бул мени кемсинтти. Мен кыргыз болгонум менен сыймыктанам», — деди Халиков.

Жаңы паспорттор ишке киргенден эки жыл өткөндөн кийин гана Атамбаевди сотко бергендигинин себебин ал экс-президент бийликте турган кезде «даттанууга мүмкүн болбогондугу» менен түшүндүрдү.

«Алар өздөрү сотко беришкен, ал эми азыр болсо үмүт пайда болду. [Учурдагы президент] Сооронбай [Жээнбеков] жемкорлор менен ууруларды камап жатат, алар канча уурдаганынын бети ачылууда. Президентке үмүт пайда болду», — деди Халиков.

Жаңы үлгүдөгү ID карталарда документтин ээсинин улуту жөнүндө маалымат атайын чипте камтылат, бирок Халиков буга нааразы.

«Эгер менден кимдир бирөө улутуң ким деп сурап калса, мен эмне ага чипти көрсөтүшүм керекпи?» — деп билдирди ал.

Ал келтирилген моралдык зыян үчүн Атамбаев менен Сарпашевден 6 млн сом төлөп берүүсүн талап кылды. «Мен Кыргызстандын ар бир тургуну үчүн 1 сомдон эсептедим», — деди Халиков.

Ал доо арызын Чүй облусундагы Аламүдүн райондук сотуна берген. Бирок сот арызды кемчиликтерди жоюу үчүн ага кайра кайтарып берген.

«Доо арызын берүүдө Халиков аттуу жаран арыздын формасын жана анын мазмунун сактаган эмес, ошондой эле, өз талабын негиздеп аткан жагдайларды тастыктай турган документтерди, анын ичинде паспортунун көчүрмөсүн же өздүгүн тастыктаган башка документтерди тиркеген эмес», — деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Жогоруда аталган кемчиликтер жоюлгандан кийин Халиков сотко кайрадан кайрыла алат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу 5-февралда Айдар Халиков «Эркин Кыргызстан» партиясынын төрага орун басарлыгына дайындалганын кабарлаган. Андан тышкары Халиков «Кырк Чоро» кыйымылында мүчөлүк кылат.

Материал жарык көрөөр алдында Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашевдин өкүлдөрү жеткиликсиз болгондуктан «Клооптун» журналисти маалымат ала алган жок.

Улуту көрсөтүлбөгөн паспорт

МКК документте улуту көрсөтүлбөгөн жаңы паспортторду 2017-жылы бере баштаган. Бул сунуш бир гана коомчулукта эмес, депутаттар менен саясатчылардын ортосунда да талаштарга жем чачкан.

Мисалы, депутат Дастан Бекешев ММКнын демилгесин колдоп, паспорттогу улут жөнүндөгү графаны «жарандын жеке тандоосу» деп атаган.

Бирок саясатчы Адахан Мадумаров башкача пикирин билдирип чыккан. Анын айтымында, паспортто улут жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек — анткени ал «Кыргызстанда жашаган элдердин ар түрдүүлүгүн көрсөтөт».

Авторлошу: Эмил Султаналиев