Жыл башында айрым ЖМКлар балдарды өлтүрүү тууралуу дароо бир нече материал жарыялашкан — алардын бардыгы окшош: ата-энелери миграцияга кетишкен, ал эми мекенинде калган балдар туугандары тарабынан киши колдуу болушкан.

Мисалы, 10-январда Ош облусунда жеңеси заара ушатып койгону үчүн сабаган эки жашар бала ооруканага бараткан жолдо каза тапкан.

Кезеги менен коштолгон бул окуялардан кийин бийлик ата-энелерди эмгек миграциясына кетээр алдында өз туугандарын балдарына «камкорчу» кылып дайындап кетүүгө милдеттендирүүнү сунуштап, балдарга карата зомбулукту алдын-алуу боюнча штаб түзүүнү тапшырган.

Бирок чын эле кичинекей балдардын өлүмүнүн саны өстүбү? Эгер ИИМдин расмий статистикасына ишене турган болсок, өстү. Акыркы жылдары бул көрсөткүч статистикалык так эместиктин ченеми боюнча өзгөрүп келген. Бирок, 90-жылдардын аягынан тарта Кыргызстандагы дээрлик үч эсеп көп кичинекей балдар зомбулук жолу менен каза таба башташкан.

ИИМдин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда 2018-жылы эрезеге жете элек балдардын киши колдуу болгон фактылары боюнча жалпысынан 17 кылмыш иши козголгон. Бул көрсөткүчкө «киши өлтүрүү», «байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу», «өлүмгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү», «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» жана «эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү» беренелери боюнча кылмыш иштер кирет.

Кыргызстанда зомбулуктан улам 2017-жылы да ушундай эле санда кичинекей балдар каза тапкан. 2016-жылы алардын саны 13, ал эми 2015-жылы 15 болгон.

ИИМдин статистикасы боюнча, акыркы 20 жыл ичинде кичинекей балдардын киши колдуу болушу боюнча кылмыш иштеринин эң эле азы 1999-жылы козголгон — анда эки кичинекей баланын өлүмү катталган. Эң оор абал 2008-жылы катталып, анда бир жыл ичинде 20 бала каза тапкан.