Көчмө аппараттык-программалык комплекси Чүй облусундагы жол кыймыл эрежелерди бузууларды каттайт. Сүрөт: Мамлекеттик байланыш комитетинин басма сөз кызматы

Министрлер кабинетинин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» боюнча жол кыймыл эрежелерин бузуудан түшкөн акчаларды бөлүштүрүү жөнүндө токтомго кол койду. Айып пулдар биринчи кезекте «Вега» компаниясына, акыркылардан болуп жол инфраструктурасынын элементтерин оңдоо үчүн бөлүнөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, штрафтардан түшкөн акчалар каржы министрлигинин атайын эсебине түшүп турат. Андан кийин каржы министрлиги каражаттарды маморгандарга бөлүштүрөт.

Биринчи кезекте штрафтардан түшкөн акчаларды Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети алат. Мекеме камераларды орнотуунун үстүнөн иш алып барган Орусиянын «Вега» уюмунун кызматтарын төлөп турат. Андан тышкары мамбайланыш комитети «Коопсуз шаардын» маалыматтык тутумунун техникалык колдоосун каржылайт.

«“Вега” компаниясы айып пулдун өлчөмүнө карабастан, ар бир штрафтан орточо 217 сом алат. Ал 17 миң болобу же 1000 сомбу», — деди Мамбайланыш комитетинин басма сөз катчысы Анара Мамытова.

Андан кийин каржы министрлиги жол кыймылынын эреже бузуучуларына билдирүүлөрдү жеткирүү боюнча почта кызматтарын төлөө үчүн каражаттарды ЖКККББга бөлүп берүүгө милдеттүү.

Акчалардын дагы бир бөлүгүн каржы министрлиги төмөндөгүчө бөлүштүрөт:

• 5 пайыз УКМКга — Маалыматтарды иштеп чыгуу резервдик борборун түзүү, жаңылоо жана камсыз кылуу үчүн;

• 15 пайыз ЖКККББга — Мониторинг борборун күнүмдүк камсыз кылуу жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдарды жыйноону жакшыртууга.

ЖКККББнын Мониторинг борбору. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Өкмөт башчысынын токтомуна ылайык, штрафтардын дагы бир бөлүгү жол инфраструктурасынын элементтерин, мисалы, жол белгилерин оңдоого жумшалат. Эгер жол жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын карамагында болсо, анда ошол орган 25%, Жол транспорт министрлиги — 5% алат. Эгер жол транспорт министрлигинин карамагында болсо, анда министрлик 25%, ал эми жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы — 5% алат.

Каражаттардын калганы республикалык бюджетте көрсөтүлүп, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн өкмөттүн чечимине ылайык бөлүштүрүлөт.

Мурдараак өкмөттүн басма сөз кызматы «Коопсуз шаар» ишке киргенден тарта дээрлик бир апта ичинде камералар 9700дөн ашуун жол эреже бузууларды каттаганын, анын ичинен жарымы тастыкталганын билдирген.

ЖКККББдан түшүндүрүшкөндөй, камерага тартылгандарды эреже бузуу катары каттоодон мурда терең талдап, юридикалык баа берүү керек. Бул иштерге 10 күн кетет.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы 12-февралда ишке кирген. Эреже бузууларды каттаган камералар Бишкектин жана Чүй облусунун 10 кесилишине орнотулган. Азырынча алар жол кыймылындагы эреже бузуулардын жети түрүн каттап жатат.

Бийлик 6-мартка чейин борбор калаанын дагы 9 кесилишине камераларды орнотууну мерчемдөөдө.

• Бөкөнбаев — Манас,

• Чүй — Манас,

• Чүй — Павлов,

• Жибек Жолу — Манас,

• М. Ганди — Боталиев,

• Жибек Жолу — Курманжан Датка,

• Ахунбаев — Байтик Баатыр,

• Чүй — Абдрахманов,

• Байтик Баатыр — Горький.

Тема боюнча: