ЖМКлар КТРКнын журналисти пара алуу иши боюнча кармалганын жазышууда. Эмне болуп жатат?

Иллюстративдүү сүрөт

Кыргыз басылмаларында финполдун кызматкерлери КТРКнын журналистин кармашкандыгы тууралуу маалымат пайда болду. Кактус басылмасынын маалыматы боюнча, кеп пара алуу боюнча шектелип аткан Элвира Сатыбекова жөнүндө болуп атышы мүмкүн.

Пара алуу үчүн журналисттин кармалгандыгы тууралуу «24.kg», «Кактус» жана башка кыргыз басылмалары жазып чыгышты.

«24.kgнин» маалыматына ылайык, кармалган журналист Канттагы бала бакчанын жетекчисинен 30 миң сом пара талап кылган, ошондуктан бала бакчанын жетекчиси финполго арыз менен кайрылууну чечкен.

«Кактус» басылмасы жазгандай, пара алууга шектүү боюнча кармалып, кийинчерээк кайра бошотулган жаран КТРКнын журналисти Элвира Сатыбекова болушу мүмкүн. Басылманын булактарынын маалыматтарына ылайык, журналистти иликтөөнүн үстүндө иштеп жаткан учурда атайылап уюштурулган: анын материалынын каарманы Сатыбековадан сюжетти жарыялабоону суранып, ооз ачпоо үчүн төлөп берүүнү убада кылган сыяктуу.

Финпол менен укук коргоо органдары эмне деп жатышат?

Пара алуу боюнча кылмыш ишинде чындыгында эле журналист фигурант болуп атканын финполдун басма сөз кызматынан «Клоопко» айтышты. Бирок мекемеден кеп чын эле Элвира Сатыбекова жөнүндө болуп атабы же жокпу тактап беришкен жок.

«Клооптун» укук коргоо органдарындагы маалымат булагы түшүндүрүп бергендей, пара алуу боюнча иш бала бакчадагы акча жыйымдары жөнүндө журналисттик иликтөөгө байланыштуу.

Анын айтымында, журналист материалдарды чогултуп, интервью өткөрүп, бала бакчанын жетекчисинен комментарий алганы жаткан, ал эми жетекчи журналисттен материалды чыгарбоону суранып, иликтөөгө кеткен чыгымдарды жаап берүүнү убада кылган.

«Материал жарыяланбашы үчүн жана журналист ага боору оорушу үчүн ал [бала бакчанын жетекчиси] териштирүү башталып кетет, жүрөгүм оорулуу дей баштаган, айтор ушундай сыяктуу [...] Натыйжада ал [бала бакчанын жетекчиси] менден пара опузалап атышат деп арыз жазып салган», — деди «Клооптун» аңгемелеши.

Ал пара алууга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп, тергөө тараптардын пикирлерин угуп жатканын кошумчалады.

КТРКнын жетекчилиги эмне дейт?

КТРКнын аткаруучу директору Илим Карыпбеков Сатыбекованын финпол тарабынан кармалганын тастыктап бере албасын «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдирди. Анын айтымында, журналист кыз ооруп жатканына байланыштуу 18-февралдан тарта жумушка чыга элек.

«Бизде да [бул иш боюнча] абал [түшүнүксүз]. Азыр [иштин] чоо-жайын аныктоого аракет кылып жатабыз», — деди Карыпбеков.