АКШ Кыргызстанга Бакиевдердин үй-бүлөсү уурдап кеткен 4,6 млн $ кайтарып берет

Каржы министринде келишимге кол коюу. Сүрөт: «Кабар» басылмасы

Акчаларды кайтарып берүү тууралуу келишимге Кыргызстандын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс кол коюшкан. Кайтарылып бериле турчу биринчи 4,6 млн долларды кыргыз бийлиги өлкөнүн өнүгүүсүнө жумшалаарын убадалады.

Келишимге 25-февралда Бишкекте кол коюлду. АКШнын бийлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын баласы Максим Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаларды кайтарып берет.

Жалпысынан АКШ 6 млн долларды кайтарып берүүнү пландоодо, ал эми кыргыз бийлиги алгачкы 4,6 млн долларды аймактарды өнүктүрүүгө, медкаражаттарды сатып алууга жана айылдарды таза суу менен камсыздоого жумшайт.

«Биз бул акчаларды кайтарып беребиз. Бул факт бүгүнкү күндө Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында коррупцияга каршы күчөтүлгөн саясаттын жүрүшүнө байланыштуу», — деп түшүндүрдү Уэллс.

АКШнын өкмөтү Кыргызстанга кайтарып бере турган акчалар Евгений Гуревичке каршы козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө конфискацияланган. Гуревич — Максим Бакиевдин мурдагы каржы боюнча кеңешчиси.

Эки өлкөнүн бийлиги Бакиевдер чыгарып кеткен акчалардын калган 1,4 млн долларын кайтаруу боюнча ишти улантышууда.

Бакиевдердин үй-бүлөсү акчаларды Кыргызстандан кантип чыгарып кеткен?

2018-жылдын августунда Гуревич Курманбек Бакиевдин президенттиги убагында ал жана анын айланасындагылары Кыргызстандан 200-300 млн доллар чыгарып кетишкенин айтып берген. Гуревич буларды документ менен ырастап бере алаарын маалымдаган.

Гуревич «Азаттыкка» курган маегинде кыргыз элинин алдында күнөөсүн сезээрин айткан. Андан тышкары, Максим Бакиев анын өмүрүн сактап калганын жана жооп иретинде Гуревич аны АКШда түрмөгө түшүп калуудан кутулууга жардам бергенин кошумчалаган.

Максим Бакиев — 2010-жылы апрелде кулатылган эгемен Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин уулу. Бийлик алмашкандан кийин ал Кыргызстанда финансылык алдамчылык үчүн айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 25 жылга соттолгон.

Курманбек Бакиевдин өзүн Кыргызстандын Жогорку соту 2010-жылдын 7-апрединдеги окуялар үчүн 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.