«Атамбаевсиз КСДПнын» лидери кыймылдын Асылбек Жээнбеков менен байланышын четке какты

«Атамбаевсиз КСДПнын» лидери Сагынбек Абдырахманов президент Сооронбай Жээнбековдун иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековдун анын кыймылына тиешеси жоктугун «Клоопко» айтып берди.

«Мен [Асылбек жана Сооронбай Жээнбековдорду] көрүп эле жүрөм, Жогорку Кеңеште, өкмөт үйүнөн жолугуп калам. Бирок бул бизди [кыймылды колдоо тууралуу] талкуулайбыз дегенди билдирбейт», — деди ал.

Абдырахманов эгер анын кыймылын чындыгында эле бийлик колдоп жаткан болсо, анда «Атамбаевсиз КСДП» эбак эле анын мүчөлөрүнүн съездин өткөрүп коймоктугун билдирди.

«Эгер алар бизге жардам беришсе, биз эбак эле губернаторду да, акимди да, айыл өкмөтүн да, тагыраагы болгон административдик ресурсту колдонмокпуз», — деди кыймылдын лидери.

Абдрахманов депутат Иса Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДПга» кирет деген сөздү четке какты.

«Ал биздин пикирлеш эмес [...] Күндүз ал биз менен экенибизди айтат, ал эми кечинде, кыязы, ал жакта», — деди ал.

Абдрахманов «ал жакта» деп эмнени айтып жатканын «Клооптун» журналистине так түшүндүргөн жок.

• КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева 22-февралда президенттин иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековдун «Атамбаевсиз КСДП» кыймылына тиешеси бар деп билдирген. Анын айтымында, Асылбек Жээнбеков бул уюмду партияны ыдыратыш үчүн эле атайылап түзгөн.

• «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы 2018-жылы жайында пайда болуп, анын уюштуруучулардын бири болуп партиянын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов чыккан. Кыймылдын мүчөлөрү Кыргызстан боюнча бир нече жолугушууларды өткөргөн. Алар Алмазбек Атамбаевдин КСДПдан чыгарып салууну эле эмес, партияны коррупциядан тазалоону да талап кылышкан.

• КСДП мурдагы жылы күзүндө Иса Өмүркуловду «партиянын уставына жана идеяларына карама-каршы келген аракеттери» үчүн партиянын катарынан чыгарган. Бул «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын чогулуштарынын шартында болгон. Анда Абдырахманов кыймылды Өмүркулов колдоого алган деп айтып чыккан. Бирок Өмүркулов өзү муну четке каккан.