Ош шаарындагы 14 троллейбус жол акыны электрондук карта менен ала баштады

Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарындагы троллейбустардын дээрлик жарымы электрондук төлөм системасы боюнча иштей баштады. Шаар бийлиги калган 17 троллейбус жана 30 автобус март ичи автоматтык тейлөөгө өтөт деп ишендирет.

Шаардагы №1 багыты боюнча каттаган троллейбустар жол кирени электрондук карта менен кабыл ала башташты. Ал эми №2 каттамындагы троллейбустар марттын башында автоматташтырылаары күтүлүүдө. Бул тууралуу 25-февралда мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» билдирди.

«Учурда 30 миң карта сатууга чыкты. Анын 5 миңи окуучуларга, 5 миңи пенсионерлерге, ал эми калганы башка жүргүнчүлөр үчүн бөлүштүрүлдү. Алар сатылып бүткөн соң түшкөн каражатка дагы карталар алынып келинет», — деди Абсаттаров.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, март айы ичи автобустар да толук электрондук карта менен төлөө системасына өтмөкчү.

Электрондук картаны кайдан сатып алса болот?

Картанын үч түрү бар: ардагерлер, окуучулар жана жалпы тургундар үчүн. Ардагер жана майыптыгы бар кишилерден башкаларга карталар 64 сомдон сатылат. Аны Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинен, ОшМУ, ОшТУ, ОшКУУ жогорку окуу жайларынан сатып алса болот.

Ушул эле жерлерде картаны толуктоо үчүн терминалдар орнотулган. Ар бир кардар картанын номери аркылуу балансын толуктай алат. Мэрия төлөмдөрдү «ЭЛСОМ» электрондук капчыгы аркылуу кабыл алууну киргизүүнү пландап жатат.

Маанилүү: Электрондук картаны алууну каалагандар өздүгүн тастыктоочу документтерин көрсөтүшү керек болот.

Калаа тургундарынын канчасы жол акысын карта менен төлөөрү белгисиз. Анткени, жүргүнчүлөрдүн коомдук транспортто накталай акча менен төлөө варианты да бар.

Шаардык автоунаа муниципалдык мекемесинен коомдук транспорт үч ай мурун эле автоматташтырылат деп убадалашкан. Кийинчерээк мекеменин жетекчиси Мурзабек Дубанаев электрондук тейлөө системасы картанын баасын бекитүү жана аны толуктоо процедураларынын айынан кечиктирилип жатканын «Клооптун» журналистине курган маегинде айткан.

Электрондук тейлөө кызматы коомдук транспорттогу тейлөөнүн сапатын жакшыртууну көздөйт. Долбоор 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, аны ишке ашырууга 684 миң евро бөлүнгөн.

Редактору: Айдай Беделбек кызы