«Сапаттын» администрациясы бүтүрүүчүлөрдүн ыдык жана ур-токмок тууралуу билдирүүлөрүн текшерет

Талас облусундагы «Сапат» лицейи. Сүрөт: «Сапат»

«Сапат» лицейлер тармагынын башкы директору Нурлан Кудайбердиев анын бүтүрүүчүлөрүнүн ыдык көрсөтүү жана ур-токмокко алуу жөнүндөгү билдирүүлөрү текшерилээрин айтты. Өткөн дем алыш күндөрү «Сапаттын» мурдагы окуучулары мугалимдердин ыдык мамилелери менен токмоктоолору тууралуу окуяларын #metoosebat хэштеги аркылуу бөлүшө башташкан.

Кудайбердиев лицейлерде мугалимдердин окуучуларга карата мамилеси дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин, ошентсе да ыдык көрсөтүү жана уруп-сабоолор жөнүндө маалыматтардын бардыгы текшерилээрин «Азаттыкка» курган маегинде билдирген.

«Бул хэштегдин алдында жазгандар лицейди 10-15 жыл мурун бүтүрүп кеткендер окшойт. Ошого карабай, биз бул маалыматтарды текшеребиз, аларга байланышып, ким эмне болгонунун баарын сурайбыз. Такталат. Бизде окуучуга туура эмес мамиле кылган мугалимдер болуп калса иштен алынат», — деп айткан Кудайбердиев.

«Сапаттын» директору «Твиттерде» #metoosebat деген хэштегдер белгилүү боло баштагандан кийин билдирүү жасады. Социалдык тармактардын колдонуучулары хэштегдин алдында мектептердеги мугалимдердин ыдык жана уруп-сабоолору жөнүндө окуялары менен бөлүшүшкөн.

Окуя депутат Ирина Карамушкинанын Бишкектеги түрк мектебинин директорунун окуучуларга карата сексуалдык ыдык мамилелери тууралуу билдирүүсүнөн кийин орун алды. Андан соң мектеп администрациясын жумуштан алышкан. Аталган мектеп «Сапат» лицейлерине тиешеси жок болсо дагы, лицейлер тармагынын окуучулары өз окуяларын #metoosebat хэштеги менен жаза башташкан.

2017-жылы мартка чейин лицейлердин тармагы «Себат» деп аталган. Ал учурда Түркия «Себат» билим берүү борборлорунун оппозициячыл диниятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бардыгы үчүн Кыргызстандагы лицейлердин жабылышын талап кылган.

Кыргыз бийлиги окуу жайларды жабуудан баш тартып, бирок аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, Кыргызстандын Билим берүү министрлиги түзүүчүлөрдүн курамына киргизилген.

«Сапат» — бул ондогон жылдар бою ар аймактарда кыргызстандыктарды окутуп жаткан түрк лицейлеринин тармагы. «Сапат» 16 лицей, «Ататүрк-Ала-Тоо» жана төрт мектептен турат.