Кыргызстандын Улуттук банкы 26-февралда эсептик коюм 0,25% төмөндөгөнү тууралуу билдирди — эми ал 4,5% түзөт. Акыркы жолу коюмдун наркы 2018-жылдын майында төмөндөтүлгөн. Соңку беш жылда ал эки эседен көп көрсөткүчкө чейин ылдыйлаган.

    Өлкөнүн башкы банкынан түшүндүрүшкөндөй, Кыргызстанда баалардын жалпы деңгээли 0,7 пайызга ылдыйлаган. Бул спирт ичимдиктери менен тамеки буюмдарынын бааларынан тышкары, дээрлик бардык товарлар менен кызматтарга тиешелүү. Спирт ичимдиктери менен тамеки буюмдарынын баалары өсүүдө.

    Улуттук банк эсептик коюмдун пайызын 2016-жылдан тарта аз-аздан төмөндөтүп келген. Башында аны 10 пайыздан 8% чейин, андан соң коюм дагы 2% түшкөн. 2016-жылдын декабрынын аягына карата эсептик коюм 5% барабар болгон. 2018-жылы май айында аны 4,57% чейин түшүрүшкөн. Ошондон бери эсептик коюм ушул бойдон өзгөрүүсүз калган.

    Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмдүн жардамы менен өлкөнүн коммерциялык банктары калк үчүн берүүчү насыяларынын наркын коё ала турушкан ченди орното алат. Эсептик коюм канчалык ылдый болсо, соңку керектөөчү үчүн насыя ошончолук арзаныраак болот.