Бурулайдын иши: Адам өлтүрүү үчүн соттолгон Бөдөшовдун өкүмү өзгөрүүсүз калды

Бишкек шаардык соту Бурулай Турдалы кызын ала качканы жана өлтүргөнү үчүн соттолгон Марсбек Бөдөшовдун аппеляциясын четке кагып, анын жазасын өзгөртүүсүз калтырды. Ал 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.

Мындай чечимди сот 27-февралда кабыл алганын Бурулай Турдалы кызынын адвокаты Наргиза Абдумуминова «Клоопко» билдирди.

Бөдөшовго карата чыгарылган 20 жыл күчөтүлгөн тартипте жаза өтөө өкүмү өзгөртүлгөн жок. Мындан тышкары, ал маркум кыздын үй-бүлөсүнө 800 миң компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бурулайдын үй-бүлөсү соттун чечимине макул эмес. Алар Бишкектин Свердлов райондук сотунун отурумдарында Марсбек Бөдөшовдун өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылышкан. Ал эми прокуратура Бөдөшовго 23 жыл эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Бөдөшов күнөөсүн мойнуна албай, сотто чечимге макул эместигин билдирген. Анын айтымында, кызды өлтүргөн учур эсинде жок.

• 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын 2018-жылы 27-майда өлтүрүп кетишкен. Милиционерлер аны ала качкан эки бала менен Жайыл РИИБне алып келишкен. Ошол жактан кыз бычак жеп, кийинчерээк кайтыш болгон. Милиционерлер аны ала качканардын бирөөсү Марсбек Бөдөшов өлтүргөн деп айтышкан. Алардын айтымында, Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, анан өзүнө да кол салган.

• Ошол күнү кечинде Бөдөшов Бурулайды экинчи жолу ала качууга аракет жасаганы менен аны милиция кармап калган. Биринчи ала качуу 4-майда болгон, бирок анда Бурулайды үйүнө жеткирип беришкен, бирок кыздын үй-бүлөсү милицияга арыз жазган эмес.

• Бурулайдын өлүмү өлкөдөгү көйгөйлүү ала качуу тууралуу гана эмес, кыргыз милициясынын компетенттүүлүгү маселеси боюнча да коомдук резонанс жараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков кыздын өлүмүн дыкат иликтөөнү тапшырган.