Cот Атамбаевди мурдагы саясатчыларга 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Бишкектин Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди мурдагы депутат Акматбек Келдибеков, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевге алардын ар-намысы менен кадыр баркына шек келтиргени үчүн 100 миң сомдон компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Соттун чечимине ылайык, Атамбаев саясатчылардын ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө тийиш. Сот «Апрель» телеканалынан материалдык дооматтарды алып салды, бирок телеканал саясатчылар тарабынан Атамбаевдин коррупция тууралуу айткандарын төгүндөшү керек.

Андан тышкары, телеканал 4 200 сом өлчөмүндө сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Экс-президент жетектеген Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева Атамбаев өкүмдү даттануу боюнча чечимди сот аныктамасын алгандан кийин кабыл алаарын «Кактуска» айткан.

2018-жылы 27-декабрда Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаев мурдагы президент Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын сотко беришкен. Доонун жалпы суммасы 18 млн сом болгон.

Доомат коюуга Атамбаевдин 2018-жылы 10-декабрда «Апрель» телеканалына курган маеги себеп болгон. Интервьюда экс-президент мурдагы аткаминерлерди коррупцияга айыптаган. Анда Атамбаев «Келдибековдор мамкызматтарда иштеп атып мультимиллионер болушкан», ал эми «Азимбектер [Бекназаровдор] жана Дүйшөбаевдер» кокус Кыргызстанда «кандайдыр бир оңолбостук жана кан төгүлүп кетсе» киреше табышат деп айткан.

Натыйжада саясатчылар Атамбаевди ар-намыс менен кадыр-баркка шек келтирди деп айыптап чыгышкан.

Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев экс-президенттин интервьюсунда жалаа же фактылардын бурмалануусу жок деп эсептейт.

Алмазбек Атамбаев журналисттер менен да соттошкон. 2017-жылы жайында Башкы прокуратура анын ар-намысы менен кадыр-баркын коргоп, «Заноза» жана «Азаттык» басылмаларына каршы доо койгон. Жыйынтыгында «Азаттыкка» каршы доомат чакыртып алынып, ал эми сот «Заноза» менен укук коргоочу Чолпон Жакупованы Атамбаевге жалпы жонунан 30 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок 2018-жылдын майында Атамбаев аларга койгон материалдык дооматтарынан баш тарткан.

Экс-президент 2018-жылы ноябрда «Апрелге» курган маегинде журналисттерди сотко берип «туура эмес» кылганын жана «эмоцияга алдырып» койгондугун айткан. Андан тышкары, Атамбаев азыр журналисттерге каршы дооматтарды «чындыкты жазгандардын оозун жабуу» максатында колдонуп атышкандыгын кошумчалаган.