Бишкекте №4 улуттук бейтапкана жана төрөт үйүнүн дарыгерлери жаңы төрөлгөн баланы апасынан сатып алгылары келишкен. Алар аялга ымыркайдан баш тартуу тууралуу расмий арыз жазбоосу үчүн 20 миң сом сунуштап, баланы өткөрүп беришин каалашкан. Үч аял тең милиция тарабынан кармалды.

Дарыгерлер ымыркайды 190 миң сомго сатууну пландашкан. Потенциалдуу сатып алуучуну табуу үчүн алар Бишкектин борборунан батир ижарага алышкан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды ошол батирден кармашкан.

Кармалгандардын бардыгы убактылуу кармоочу изоляторго киргизилди. Милиция эки дарыгерге жана ымыркайдын энесине каршы «Адам сатуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгошкон. Алар беш жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.