Ош шаарында IT мектеп ачылат

Ош шаарында апрель айынан тарта IT мектеп иштеп баштайт. Маалыматтык технологиялары боюнча окуу жай эл аралык уюмдардын жана мэриянын колдоосу менен ачылууда.

IT мектеп ачуу идеясы «ОшТехноПарк» коомдук бирикмесине таандык. Долбоор Германиянын GIZ уюму тарабынан каржыланып, окуу жай үчүн орунду шаар бийлиги бөлүп берген.

«Мектепте чет өлкөдөн тажрыйба алып келген програмисттер сабак берет. Алар Java, JavaScript, PHP, HTML программалоо тилдерин үйрөтүшөт. Буларды билүү замандын талабы» — деди бирикменин жетекчиси Арстан Жусупов.

Долбоордун авторлорунун айтымында, аталган мектепте программалоо тилдеринен сырткары, сайттарды жана мобилдик колдонмолорду түзүү, алардын дизайнын жасоо жана бухгалдердик эсеп боюнча программалоо сабактары өтүлөт.

Аталган тармактар боюнча окутуулар акылуу болуп, 1-6 айга чейин созулат. Мектеп ишке киргенде майып адамдарга акысыз окууга мүмкүнчүлүк берилет. Азырынча аларга канча орун берилээри аныктала элек.

Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров IT мектеп «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын» алкагында ачылып жатканын айтат.

«Мектеп үчүн эски мэриянын 3-кабатынан 300 метр квадрат жер бөлүнүп берилди. Мэрия учурда оңдоо иштерин жүргүзүүдө», — деди Абсаттаров.

«ОшТехноПарктан» бир апта ичинде мектептин сайты ишке кирээрин, ал жактан окуу жай жана ага кабыл алуу туурасында кеңири маалымттар жарыяланаарын кошумчалашты.

Редактору: Айдай Беделбек кызы