Ошто биринчи жолу өтүүчү эл аралык марафон болбой калды

2016-жылы Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафон. Сүрөт: Уулжан Саякбаева / Kloop.kg

Ош шаарында 6-апрелге пландалган «Чуркоо бул-жашоо» марафону өтпөй калды. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, калаада марафон өткөрүүгө көчөлөр кыскалык кылат.

Жергиликтүү жөө күлүктөр 28-февралда «Клоопко» марафон өтпөй калганын билдиришти.

«Спортту колдоого деп бюджетте каралган каражатты оптималдуу пайдаланып, адамдарды сергек жашоого үндөөнүн бирден бир жолу ушул болчу. Айла жок эми, кайрадан эле жылдагыдай Бишкекке, Чолпон-Атага, Алматыга барып чуркайбыз», — деди марафонисттердин бири Мирбек Маматкасым.

Шаардык cпорт комитетинин өкүлү Фарух Садыков марафон болбой калганын «Клоопко» тастыктады. Анын айтымында, шаарда 42 чакырым аралыкка чуркоого шарт жок.

«Башында колдоп жатканбыз. Кийин [көчөлөрдүн узундугун] өлчөп чыксак, 42 километр чыкпады. Ал эми шаардагы жолдорду тосо турган болсок, кыймыл токтоп калат», — деди ал.

Жеңил атлетика федерациясы бир ай мурун Ош шаарында 6-апрелде эл аралык марафон өтөөрүн жарыялаган. Анын максаты — сергек жашоону жайылтуу, спорт менен машыгууга үндөө, эл аралык спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү болгон.

Иш-чаранын катышуучулары 42, 21, 10 жана 3 километрге чуркашмак.

Редактору: Айдай Беделбек кызы