«РусГидро» Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга кайтып келбейт, бирок инвесторлор менен жардам берет

«РусГидро» азырынча Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна улантуу үчүн келе албайт — бул тууралуу орус компаниясынын башкы директору Николай Шульгинов билдирди.

Шульгинов өзүнүн жарыясын «РусГидро» менен Кыргызстан өкмөтүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр тууралуу акыркы жаңылыктардын шартында жарыялады.

Анын айтымында, орус компаниясы Жогорку Нарын ГЭС долбооруна кайтып барбайт, анткени ал учурдагы эсептер боюнча «өзүн-өзү актабайт». Бирок Шульгинов «РусГидро» кыргыз бийлигине инвестор табууга жардам берээрин кошумчалады.

Жогорку Нарын ГЭС каскады — кыргыз өкмөтүнүн узак мөөнөттүү энергетикалык долбоору. Анын курулушу Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде 2012-жылы «РусГидро» менен биргеликте башталган. Долбоор ишке аша баштагандан бир нече жыл өткөндөн кийин курулуш бүтпөгөндүктөн кыргыз өкмөтү орусиялык компания менен болгон келишимден чыгып кеткен.

Атамбаевдин айтымында, кыргыз бийлиги «Орусияда экономика жана күйүүчү майга баа төмөндөп кеткендиктен» мындай кадамга барууга аргасыз болгон. «РусГидро» келишимдин жокко чыгарылганына жооп кайтарып, долбоорго салынган 37 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылган.

Ошондон кийин кыргыз бийлиги «РусГидронун» чыгымын жаап, анын ичинде ГЭСтин курулушун бүтүрүп бере турган инвесторлорду издей баштаган. 2017-жылы долбоорго Чехиянын Liglass Trading компаниясы кызыгып, бирок келишим үзгүлтүккө учураган, себеби инвестор Кыргызстандын «РусГидронун» алдындагы карызын өз убагында төлөп бере албай калган.

2018-жылы ноябрда «РусГидро» компаниясы Кыргызстанды Гаага сотуна берип, бир айдан кийин өзүнүн «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтагы бардык үлүштөрүн 2,5 млн сомго сатаары тууралуу билдирген.

Бийлик азырынча Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууну уланта турган инвесторду таба элек.

ГЭС каскадын курууда чыккан чыр

«РусГидро» Кыргызстандан 37 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылганда, 2016-жылдын февралында парламенттин депутаттары курулуштун жүрүшү менен таанышууну чечишкен.

Курулуп аткан объекттерди көргөн эл өкүлдөрү аткарылган иштерге 37 млн доллар кеткенине ишенишпей, долбоордун реалдуу баасы кымбаттатылганы жөнүндө айтып чыгышкан.

«Клооптун» журналисттери «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтын 29 тендердик документин изилдеп чыгып, Кыргызстан менен «РусГидронун» биргелешкен ишканасынын контракттары дайыма бир күндүк фирмаларга же «РусГидронун» туунду компанияларына өткөрүлүп берилип турганын аныкташкан.

Мисалы, ГЭСтерди куруу боюнча тендерлердин бирөөсүн Орусиянын «ЛенГидроСтрой» компаниясы жеңип алган — бул «РусГидронун» туунду ишканасы. Компания өз кызматы үчүн канча акча алгандыгын көрсөткөн так сан жок. Ар кандай баалар боюнча, «ЛенГидроСтройдун» тендерден тапкан кирешеси 117,6 миллиондон 669 млн сомду түзө алмак.