Кыргыз-орус славян университетинин (КОСУ) мугалими Денис Брусиловский студент кыздарга ыдык көрсөткөн делип шектелүүдө. Ага анын студенттер менен жазышкан скриншоторунун ачыкка чыгып кеткени себеп болгон. ЖОЖдун жетекчилиги ички иликтөөдөн кийин мугалимге карата кандайдыр бир чара колдонулуп-колдонулбаганы белгилүү болоорун билдирди.

Алгач инстаграммдагы @anti.krsu жашыруун аккаунтунда, андан соң ушул эле аталыштагы телеграмм каналда WhatsAppтагы жазышуулардын 10дон ашык скриншоту пайда болгондон кийин Брусиловскийдин дарегине шек жаралган.

Анда Брусиловский ар кайсы студент кыздардан «орой секске» жана «денени өпкүлөөгө» кандай карайсыңар деген өңүттө суроо салып, алардан «эриндин жана клитордун» сүрөттөрүн жөнөтүүнү суранган.

Кээ бир скриншоттордо анын телефон номери гана көрсөтүлгөн, башкаларында аты-жөнү же анын инициалдары жазылган. Бирок, бардыгында профилдеги сүрөттөр бири-бирине окшош, ал эми анын телефон номери КОСУнун сайтында көрсөтүлгөн номер менен дал келет.

Азырынча Брусиловский өзү бул кат жазышуулардын скриншотторуна эч кандай комментарий бере элек. Журналисттердин аны менен байланышууга жасаган аракеттеринен майнап чыкпай жатат. Ошондой эле бул иш боюнча териштирүү жүргүзүп аткан КОСУнун кызматкерлери да аны менен сүйлөшө алышпаганын ырасташууда.

«Клооптун» редакциясы каттар чын да, жасалма да болушу мүмкүндүгүн түшүнүп турганы менен ыдык көрсөтүү болгонун жабыркагандардын ичинен жок дегенде бирөөсү тастыктай алат деп эсептейт. Азырынча алардын арасынан эч ким үн ката элек.

Эгер сизде бул окуяга байланыштуу кандайдыр бир маалымат болсо, сураныч, биз менен rustam@kloop.kg же WhatsAppтагы +996700572897 номери аркылуу байланышууңузду өтүнөбүз.

Сөгүш жана териштирүү

Дүйнөлүк дин жана маданиятты изилдөө боюнча кафедранын жетекчиси Юрий Подкуйко Vesti.kg басылмасына курган маегинде скриншотторду чын деп атады (жок дегенде алардын бир бөлүгү). Анын айтымында, булардын баары бир ай мурун болгон жана КОСУнун ички талкууларынын жыйынтыгы боюнча тартип комиссиясы Брусиловскийге сөгүш жарыялаган.

«Мен эмне үчүн жана кайрадан ким каттарды чыгарганын билбейм. Бирок Брусиловский боюнча маселе көтөргөнбүз жана бардыгы талкууланган. Ага сөгүш берилген. Буйрукка ректор Владимир Нифадьев кол койгон», — деди Пудпуйко.

Бирок КОСУнун коомчулук менен байланышуу боюнча проректору Леонид Сумароков «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, азырынча скриншоттордун чын-жалганын тастыктай албайт, бул иш менен атайын адамдар алектенип, териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен Брусиловский сабак берүүнү улантып-улантпасы белгилүү болот.

Сумароков «бул далилсиз айыптоо болбошу үчүн» скриншоттордун авторлору укук коргоо органдарына арыз жазат деп үмүт кылат. «Адамга айып тагышты, демек бул аракеттерди тастыктаган кишилер бар болушу керек», — деди проректор.

Сумароковдун айтымында, Брусиловский кесиптештеринин телефон чалууларына жооп бербей жатат жана азырынча окуяга комментарий бере элек. «Ал эмнени, кайсы жерде айтканы үчүн жоопкерчилик тарта ала турган чоң эле адам жана өзүнүн жоруктары үчүн жооп бериши керек», — деп эсептейт ал.

Ыдык көрсөтүү үчүн кандай жаза каралат?

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев «Клоопко» айтып бергендей, Кыргызстанда сексуалдык ыдык көрсөтүү үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Бирок, мунун баары далилденсе, анда Брусиловскийдин аракеттери «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренесине дал келиши мүмкүн.

«Арыз жок болсо аны эч ким текшербейт. [Жабыркагандар] арыз тапшырып, ага бул скриншотторду [тиркеши] керек. Милиция каттарды чын эле ал өзү же анын телефонун башка бирөө алып туруп жазган-жазбаганын аныктайт», — деди ал.

Юрист кошумчалагандай, бул берене боюнча сот жаза катары эки жарым жылдан жогору түзөтүү иштерине, 220 миңден 300 миң сомго чейин штраф же эки жарым жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн.

«Бул жерде жабыркагандар андан көз каранды болушканын далилдеши керек. Бул жерде мажбурлоо деп жыныстык катнаш же башка сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге жетишүү үчүн жабырлануучуга психологиялык таасир этүүнү түшүнсө болот», — деди Эралиев.