Айдоочуларга «Коопсуз шаар» боюнча 4-мартка чейин айып пул салынбайт

Иллюстративдүү сүрөт

ЖКККББ «Коопсуз шаардын» камералары каттаган жол кыймыл эреже бузуулары үчүн штрафтарды 4-мартка чейин жазып бербейт. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, ведомство азырынча штраф төлөөдөгү 50% арзандатуу боюнча түзөтүүлөрдүн күчүнө киришин күтүүдө.

Министрдин орун басары басма сөз жыйында 12-февралдан тарта камералар сыноо тартибинде иштегенин жана кызматтар кемчиликтерди жоюунун үстүндө иш алып барышканын кабарлады.

Штрафтарды салуунун мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилчү түзөтүүлөр себеп болгон. Ага ылайык, эгер жол кыймыл эрежелерин бузган айдоочулар протокол алгандан кийин штрафты 15 күндүн ичинде төлөсө, айып пулдун баасы 50% арзан болмокчу.

«Өзгөртүүлөр 4-марттан баштап гана күчүнө кирет. Юридикалык жактан караганда бул жобону мыйзам күчүнө киргенге чейин эле эреже бузгандарга карата эрте колдоно албайбыз. Себеби бул адамдар жеңилдетүүлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышпай калат», — деп келтирет Асановдун айткандарын 24.kg.

Ошондой эле министрдин орун басары 12-февралдан тарта камералар сыноо тартибинде иштегенин жана кызматтардын бардыгы кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштешкенин айтты.

ЖКККББнын башчысынын милдетин аткаруучу Ыманалы Саркуловдун айтымында, «Коопсуз шаардын» камералары 12-февралдан тарта 28-февралга дейре 18 миң 600 жол эреже бузууну каттаган.

«Коопсуз шаар» системасы Кыргызстанда 12-февралдан тарта ишке кирген. Камералар Бишкек, Чүй облусу жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдорундагы жол кыймыл эреже бузууларды аныктай баштаган. Азырынча алар жол кыймыл эреже бузууларынын жети түрүн каттайт.

Мындан тышкары Чүй облусунда 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстери (АПК) иштеп, жол кыймыл эреже бузуулардын эки түрүн аныктайт — ылдамдыктан ашыруу жана кош чийинден өтүүнү.

Бийлик 6-мартка чейин Бишкектин дагы 9 кесилишине камераларды орнотууну пландоодо.

ТЕМА БОЮНЧА:

•  Өкмөт «Коопсуз шаардан» түшкөн штрафтарды кантип бөлүштүрөөрүн чечти

•  «Коопсуз шаар» боюнча эреже бузуулар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн ЖКККББга 10 күн талап кылынат