Денис Брусиловский. Сүрөт: Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттиги

Кыргыз-орус Славян университетинин (КОСУ) мугалими Денис Брусиловский ал студенттерге ыдык көрсөтүшү ыктымал делген жазышуулардын скриншотторунун бардыгын «фейк» деп атады. Ошондой эле мугалим ага карата интернетте кодулоо жүрүп жаткандыктан, ЖМКны сотко бере турганын билдирди.

Брусиловский «Клооптун» журналистине билдиргендей, ал өмүрүндө бир да жолу студент кыздарга ыдык көрсөтпөгөн жана алар менен сексуалдык мамиледе болгон эмес.

«Бул скриншоттор толугу менен фейк, мен антип жазган эмесмин. Шалаакылык кылганым үчүн гана күнөөлүмүн — менин телефонумда эч кандай сыр сөздөр турчу эмес, аны менен бардык студенттер эркин колдоно алышмак, чалуулар менен да, Whatsapp [аркылуу жазышуу] менен да. Азыр болсо сыр сөз коюп койдум, бирок телефон номерди принцип үчүн алмаштырбайм», — деди Брусиловский.

Анын айтымында, университеттин жетекчилиги ага январ айында ушуга окшогон эле жашыруун билдирүүлөрдүн негизинде сөгүш берген.

«Ал кезде ызы-чуу көтөргүм келген эмес. Акыркы күндөрү мунун бардыгына эч кандай комментарий берген жокмун, анткени мунун кереги деле жок деп ойлогом. Бирок ушундай масштабга чейин өсүп кетет деп ойлогон эмесмин. Аброюм кетти, мени ар тараптан итке талатып жатышат», — деп ырастады мугалим.

Брусиловский Vesti.kg басылмасын студент кыздарга ыдык көрсөткөн деп түз жазгандыгы үчүн басылманы сотко бергени жатат.

Ыдык көрсөтүү боюнча айыптоолор

Брусиловскийдин дарегине шек саноолор инстаграмдагы @anti.krsu жашыруун аккаунтунда жана телеграмда WhatsAppтагы жазышуулардын 10дон ашык скриншоту жарыялангандан кийин пайда болгон.

Аларда Брусиловский ар кайсы студент кыздардан «орой секске» жана «денени өпкүлөөгө» кандай карайсыңар деген өңүттө суроо салып, алардан «эриндин жана клитордун» сүрөттөрүн жөнөтүүнү суранган өңдүү.

Андан тышкары, Vesti.kg басылмасы КОСУнун бүтүрүүчүсүнөн алган жашыруун интервьюсун жарыялаган. Ал Брусиловский ага «үч адам катышкан секс» сунуштаганын айтып берген.

КОСУнан администрациясы билдиргендей, ички териштирүү ишинен кийин Брусиловский университетте окутуп же окута албашы боюнча чечим кабыл алышат.