«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызматкерлери филармонияга жакын Манас проспектисиндеги (Чүй проспектиси менен кесилишкен) жолду бөлүп турган ашыкча кош сызыкты өчүрүшүүдө.

Ведомстводон «Кактус» басылмасына маалымдашкандай, 2018-жылдагы жол оңдоолордон кийин кытайлык «Чайна Роуд» компаниясы жолду бөлгөн кош сызыкты туура эмес түшүргөн.

Бир жылдан кийин «Бишкекасфальтсервис» сызык ката чийилип калганын байкап, туура эмес түшүрүлгөн сызыктын өчүрүлүшүн күтпөстөн эле экинчи белгини түшүрүүнү чечишкен.