Иллюстративдүү сүрөт. Булагы: «Демир Банктын» сайты

Февралдан баштап Кыргызстандын ири деп эсептелген «Демир Банк» менен KICB банктарынын кардарлары онлайн төлөм жүргүзө албай келишет. Эмне болуп атканын жана QIWI төлөм системасынын иши боюнча териштирүүлөрдүн буга кандай тиешеси бар экенин түшүндүрөбүз.

Материал 16:59да жаңыртылды.

Эмне болду?

KICB менен «Демир Банктын» кардарлары онлайн тез төлөмдөрүн жүргүзө албай жатышат. Мисалы, коммуналдык кызматтарды, салык төлөмдөрдү же мобилдик телефондорунун балансын толуктоо.

Онлайн кызмат көрсөтүүлөрдө маселе жаралып атканын KICB да, «Демир Банк» да моюнга алды. Эки банк тең бул жагдайды «техникалык мүчүлүштүктөр» деп атап, «кыска убакыт ичинде жоёбуз» деп убадалашты.

«Демир Банктын» колдоо кызматынан «Клооптун» журналистине маалымдашкандай, системанын ишиндеги бузуулуулар банк үчүн кызмат көрсөткөн QIWI төлөм операторуна байланыштуу.

«[Бизде] тез төлөм жүргүзүүдө көйгөйлөр бар (байланыш кызматтарын, коммуналдык акыларды төлөөдө), бирок онлайнда жок. Онлайн төлөм (акчаларды картадан картага которуу сыяктуу) ийгиликтүү өтүп жатат», — деп жазган банктын колдоо кызматы.

Онлайн төлөмдөр боюнча ушундай эле көйгөй «Кыргызстан Коммерциялык банкында» да бар. Аталган банк 2-мартта өз колдонуучуларына бузулуулар QIWI төлөм операторлору менен байланыштуу деп билдирген.

QIWIнин кандай тиешеси бар?

QIWI — бул эл аралык «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» («ТТБС») корпорациясына таандык төлөм системасы. 1-мартта сот бул компаниянын банк эсептерин камакка алган. Бул QIWI жана «Мобильник» төлөм системаларынын иштери боюнча териштирүүгө байланыштуу болгон.

«ТТБСтин» басма сөз кызматынын өкүлү Елена Ауман KICB менен «Демир Банктын» онлайн төлөмдөрүндөгү маселелери QIWIге байланыштуу экенин «Клооптун» кабарчысына айтты. Компания өзүнүн төлөм системасынан бул банктарды өчүрүп салган, себеп дегенде анын эсептерин «мыйзамсыз камакка алышкан».

«Эгер соттун токтому кайтарылса [биз ишти калыбына келтирүүгө даярбыз]. Бизде баары иштеп жатат», — деп билдирди Ауман.

Онлайн төлөмдөр кайра качан иштеп баштайт?

«Кыргызстан Коммерциялык банкынын» жетекчилиги өзүнүн онлайн төлөмдөр боюнча системаларынын иштешин 12-мартта калыбына келтиребиз деп үмүт кылат. «Демир Банк» менен KICB банктарында маселе качан чечилээри азырынча белгисиз.

«Демир Банктын» пиар бөлүмүнүн башычысы Нурмира Эсеналиева «Клоопко» курган маегинде, банктын адистери жеткиликсиз онлайн төлөмдөрдү калыбына келтирүү боюнча иш алып барышууда деп билдирди. Анын айтымында, «Демир Банк» QIWI менен кызматтыштыкты убактылуу токтоткон, себеп дегенде Улуттук банк бул провайдер менен иштешүүнү токтото турууну «сунуштаган».

Материал жарык көрөөр алдында KICBден бул суроолорго жооп бере алышкан жок.