Ош мэриясы. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / kloop.kg

Ош шаарындагы 12 аймактык кеңеш алты муниципалдык аймактык башкармалыкка бириктирилди. Тиешелүү токтомго мэр Таалайбек Сарыбашов 20-февралда кол койду. Шаар бийлиги мындай өзгөрүү жергиликтүү деңгээлдеги маселелердин чечилишине өбөлгө түзөт деп ишенет. 

Муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) координатору Бердигул Султановдун айтымында, аймактык кеңештердин төрагаларынын функциялары аныктама жана маалымкаттарды жазып берүү менен гана чектелчү. Султанов эми алардын укуктары кеңейтилип, милдеттери жогорулатылды дейт.

Мурда

12 аймактык кеңеш: Туран, Достук, Сулайман-Тоо, Ак-Тилек, Керме-Тоо, Манас-Ата, Алымбек датка, Ак-Буура, Амир-Темир, Курманжан датка, Жибек-Жолу, Курманжан датка 2.

Учурда

Алты муниципалдык аймактык башкармалык: Манас-Ата (Алымбек датка), Сулайман-Тоо (Достук), Туран (Курманжан датка 2), Курманжан датка (Ак-Буура, Жибек-Жолу), Амир-Темир, Керме-Тоо (Ак-Тилек).

МАБдын жетекчилерин дайындоо

1994-жылы шаарда Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу (АКБ) түзүлүп, 12 аймактык кеңеш жана 84 квартал негизделген. Кеңештер 290 миң калкты тейлеп келишкен.

Ар бир кеңеште төрага, жетектөөчү адис жана катчы болуп үч кызматкер иштеген. Алардын бардыгы мэр тарабынан түз дайындалып, кызмат көрсөтүү келишимдин негизинде ишке ашып келген. Айлык акыны шаардык бюджеттен алып турушкан.

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, эми ар бир МАБда тогуз кызматкер иштейт. Алар конкурстук негизде үч этап менен тандалып алынат. Биринчиси —мамлекеттик кадр кызматынын тестинен өтүү, экинчиси — дилбаян жазуу, үчүнчүсү —маектешүү.

Талапкерлердин мамлекеттик кызматта үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу шарт. Кызмат орундарына карата тиешелүү жогорку билими жана зарыл деңгээлде мамлекеттик тилди билүү керек болот.

«Мурда 8-10-класстын билими менен аймактык кеңешке төрага болгондор бар эле. Себеби аймактык кеңеш АКБ түрүндө түзүлгөн да. Анда кызматкерлердин билими жана эмгек тажрыйбасы эске алынган эмес», — деди Султанов.

МАБдын укуктары жана милдеттери

МАБдын негизги укуктарына: аймактагы санитардык нормалардын жана экологиянын сакталышын, бак-дарактардын сугарылышын, жашылдандыруу иштерин, көчөлөрдүн жарыктандырылышын, коомдук транспорттун тейлөө сапатын, өрт коопсуздугунун сакталышын, муниципалдык жерлердин ижарага берилүүсүн жана жаңы курулуштардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү кирди.

МАБдын негизги милдеттерине: жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишин уюштуруу, кварталдык жана үй комитеттеринин, турак-жай менчик ээлеринин шериктештигин координациялоо, тургундардын кайрылууларынын үстүндө иштөө жана алардын укуктарын коргоо, аймакта тендердин негизинде жүргүзүлүп жаткан инфраструктуранын (асфальт, брусчатка, бак-дарак, арык) сапатын көзөмөлдөө иштери жүктөлдү.

«Эми МАБды мыйзам жоопкерчилигине тарта алабыз»

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Гүлгаакы Мамасалиева аймактык кеңештер шаардык бюджеттен мыйзамсыз каржыланып иштеп келгенин айтат.

«Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу туура эмес иштеп жаткан, алар коомдук уюм болчу да. [Ошондуктан] жергиликтүү бюджеттен акча албашы керек эле. Аймактык кеңештер мэриянын астында болсун деп көптөн бери айтып жүргөнбүз. Эми адам укуктары бузулса, МАБдын жетекчилерин мыйзам алдында жоопкерчиликке [тарта] алабыз», — деди ал.

Ал эми экономист Эркин Абдразаков шаар бийлигинин кадр саясаты аймактарды санариптештирүү жылында бюрократиялык тоскоолдуктардан арылта алабы деген суроо салды.

«Аймактарды өнүктүрүү аракеттери жүрүп жатпайбы, ошонун алкагында [эл] кандайдыр бир жеңилдиктерди сезеби, [мэрия өз ишин] мына ушул багытта жүргүзсө деп айтаар элем. Мисалы, салык жана соцфонд төлөмдөрүн аткаруу, балдарга жөлөк пул берүү, бала бакча жана мектепке катталуу маселелерин техникалык жактан камсыздоо [жаатында иш алып барышса]», — деди Абдразаков.

Редакторлору: Элвира Султанмурат кызы, Гүлжан Эшбаева