Судандын жараны Махитаб Махгуб 6-мартта «Клоопко» тажрыйба топтоо үчүн келмек, бирок Кыргызстанга келгенге чейин эки күн мурда ага кыргыз визасын берүүдөн баш тартышкан.

Кыргыз Республикасынын ТИМинен келген катта баш тартуунун себептери жазылган эмес: ал жерде жөн гана Махгуб айымга кыргыз визасы берилбейт жана ал кийинки жолу бир жылдан кийин гана билдирме тапшыра алат деп жазылган.

• Кыргыз Республикасынын ТИМи «Клооп» сайтына кысым жасап, анын ишине тоскоолдук кылууда. «Клооп» дайыма Кыргызстандын маморгандарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөрдү байма-бай жарыялагандыгынан жана ар башка деңгээлдеги аткаминерлерден (Кыргыз Республикасынын президенттеринин бирин кошкондо) кысым көрсөтүү коркутууларын алып турганын эске алганда, тилекке каршы, бул сценарийди эсепке албай коюу мүмкүн эмес.

• Кыргыз Республикасынын ТИМи Махгуб айымга анын жарандыгынын айынан эле баш тартып койгон, өз кезегинде бул адам укугун бузуу жана басмырлоо болуп саналат. Муну тастыктап же төгүндөш үчүн биз ТИМден электрондук виза системасы киргенден тарта кайсыл өлкөнүн жарандарына виза берилип же берилбегендиги тууралуу маалыматтардын бардыгын берүүнү талап кылабыз.

Биз жогоруда белгиленген гипотезалардын бири да тастыкталбайт жана Махгуб айымга кыргыз визасын берүүдөн баш тартуу системанын катасы деп үмүт артабыз.

Муну далилдеш үчүн Кыргыз Республикасынын ТИМинен Махгуб айымга Кыргыз Республикасынын электрондук визасын чакыруу катында суранганыбыздай эле 30 күндүк мөөнөткө тез арада берүүсүн талап кылабыз.

Эгер Кыргыз Республикасынын ТИМи бул талапты этибарга албай же/жана Махгуб айымга виза берүүдөн баш тартса, «Клооп Медиа» фонду бардык деңгээлдерде бул чечимге каршы чыгып талашуу менен министрликтин аракеттерин иликтөө укугунан пайдалана алат.

Махитаб Махгуб кандай иштерди алып бармак?

Махитаб — Венгриянын Будапешт шаарындагы Борбордук Европа университетинин бүтүрүүчүсү. Ал жакта Махитаб «Мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча магистр даражасын алган.

Ал өз өлкөсүндө «Мамлекеттик саясат жана өнүктүрүү борборунда» иштеп, Судандагы аялдардын укуктарына байланыштуу жагдайларга мониторинг жүргүзүү иштерине жооп берет.

Махитаб дүйнөнүн 28 өлкөсүн кыдырып, Евробиримдик өлкөлөрүнүн аймагында бир нече жыл жашаган.

Махитабдын Бруклинде түшкөн сүрөтү, Нью-Йорк: АКШнын бийлиги Кыргызстандан айырмаланып ага виза берүүдө эч кандай маселе жараткан эмес. Сүрөт Махитабдын жеке архивинен алынды

«Клоопто» тажрыйба топтоо менен Махитаб «Клооптун» редакциясы үчүн краудфандиңдин жаңы ыкмаларын иштеп чыгышы керек эле. «Клоопто» англис тилинде материалдар чыкпаганын эске алуу менен англис тилдүү өлкөлөрдүн жашоочуларынын арасында редакциянын иши үчүн жардам каражатын кантип натыйжалуу жыйнаса болоорун ойлоп табуу анын тажрыйба топтоосунун башкы максаты болгон.

Бул тажрыйбаны биз андан ары Кыргызстандын башка коммерциялык эмес, өзгөчө укук коргоочу жана кайрымдуулук уюмдарына өткөрүп берүүнү пландаганбыз.

Биз Кыргызстан башка өлкөлөрдүн жарандары эң укмуштуу жана эң кыйын долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келе турган өлкө болуп калат деп кыялданабыз. Махитаб акы төлөнбөгөн стажировкага өз эсебинен келүүгө даяр болчу. Анткени ага биздин аймак абдан кызыктуу жана ал жергиликтүү уюмдарга финансылык туруктуулукка жетишүүгө жардам бергиси келет.

Биздин өлкө Махитаб сыяктуу адамдар жарандыгына карабастан миңдеп келиши үчүн болгон аракетин жумшашы керек. Акыркы сегиз жылда 50гө чукул өлкөнүн жарандары Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканы буга чоң өбөлгө болду.

Бирок Махитаб боюнча абалды айтсак, бизде бул мүмкүнчүлүктү колдон учуруп, жер карап калуу коркунучу турат. Кыргызстандын аброюна кайтарылгыс зыян тийип кала электе ТИМди өз каталарын оңдоого чакырабыз.