Солдон оңго: террористтик чабуулду даярдоого шектелген өзбекстандык Бахтиёр Умаров, кыргызстандык Атабек Абдуллаев, өзбекстандык Давид Идриссон. Сүрөт: СЭПО

Швециянын соту кыргызстандык Атабек Абдуллаевди жана өзбекстандык Бахтиёр Умаровду камактан бошотту. Алар террористтик чабуулду даярдоого айыпталышкан (спойлер: бул азырынча сот аларды актайт дегенди билдирбейт).

Солна швед райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдагандай, 5-мартта сот Абдуллаев менен Умаровду камакка алуу чечимин жокко чыгарды — бул соттун өкүмү чыккынга чейин алар камакта отурбайт дегенди билдирет. Ал эми аталган иштеги негизги шектелүүчү Давид Идриссон камакта калтырылды.

Абдуллаев менен Умаровдун боштондукка чыгышы алардан теракт даярдоо боюнча айып алынышы мүмкүндүгүн айгинелейт, бирок сот бул боюнча өзүнүн акыркы чечимин 2019-жылдын 8-мартында чыгарат.

Кыргызстандык Атабек Абдуллаевди 2018-жылдын жазында Швецияда теракт даярдоого айыпталган. Бул иш боюнча дагы беш өзбекстандык жаранды кармашкан.

«Клооптун» кызматкерлери Швециянын Мамкоопсуздук кызматытынын (СЭПО) бул иш боюнча 2200 беттен турган сотко чейинки териштирүү докладын изилдеп чыгышып, андан жок эле дегенде 10 ката жана мүчүлүштүктөрдү табышкан. Бул деталдар Абдуллаевдин күнөөсү жоктугун далилдебегени менен Швециянын атайын кызматы ага объективдүү эмес мамиле кылышы мүмкүндүгүн көрсөтүп турат.

Мисалы, СЭПО Абдуллаевди, өзгөчө анын сөөмөйүн өйдө көтөрүп түшкөн сүрөттөрү үчүн экстремист катары кабыл алган. Бирок Борбор Азиядагы динчил мусулмандар, алардын ичинде Атабек үчүн бул белги Аллахтын жалгыз кудай экендигине ишенүүсүн билдирет.

Ошондой эле «Клооптун» журналисттери швед котормочулары Абдуллаевдин кыргыз тилиндеги кат жазышууларын туура эмес чечмелешкенин жана аларды швед тилине которууда жаңылыштык кетирүүгө жол беришкенин аныкташкан.

Ушул жана башка каталар тууралуу «Клооптун» бул боюнча даярдаган макаласын окуңуз: Аллага жана швед сотуна ишенем. Стокгольмдо терроризмге шектелген кыргызстандыктын криминалдык драмасы.