Милиционер КЖБР системасына кирип жаткан учуру. Сүрөт: «АКИпресс»

2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Жазык-процесстик кодексинин эрежелери боюнча, жарандардын милицияга кайрылуулары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталат (КЖБР). Бул системанын иши жөнүндө эмнелерди билүү маанилүү экендигин айтып беребиз.

КЖБР кандай иштейт?

Мисалга сиздин автоунааңызды уурдап айдап кетишти деп коёлу жана бул тууралуу сиз милицияга билдирүүнү чечтиңиз. Мыйзам боюнча, сиздин кайрылууңуз КЖБРге катталууга тийиш. Бирок бул үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери чындыгында эле сиз унааңызды уурдатып жибергениңизге ишениши керек.

Ошондуктан милиция текшерүү дайындап, (сиздин атыңыздан же жашыруун түзүлгөн) кайрылууну алдын ала Маалыматтарды каттоо боюнча электрондук журналына киргизет — бул бир сутканын ичинде аткарылышы керек.

Эгер сиз унааңызды уурдатып жибергениңиз тууралуу милиция бөлүмүндө арыз жазган болсоңуз, анда ал жактан сизге QR коду менен билдирме талонун беришет. Аны телефондун жардамы менен сканерден өткөрүп, өз арызыңыздын макамын, тагыраагы ал КЖБРге киргизилип-киргизилбегенин жана бул ишти кароо үчүн кайсыл тергөөчү дайындалганын текшере аласыз.

КЖБР эмне үчүн иштелип чыккан?

Сот реформасы боюнча эксперттик топтун мүчөсү Тахмина Ашуралиева «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, КЖБР укук коргоо органдарындагы «коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүшү» керек.

Тахмина Ашуралиева

Эски Жазык-процесстик кодекси боюнча (ЖПК), милиционерлер түшкөн арыздарды текшерүүгө 3 күндөн 30 күнгө чейин убакыт кетире алышкан. Азыр болсо бул убакыт бир күнгө чейин кыскарды. Ашуралиева эски ЖПКда коюлган убакыт ченемдери тергөөчүлөргө ыйгарым укуктарынан аша чабууга мүмкүндүк берген деп эсептейт. Мисалы, анын айтымында, алар арызды текшерүүнү создуктуруу же мыйзамсыз токтотуп коюу үчүн кылмышка шектүүдөн акча талап кыла алышкан.

«Жабыркагандар [милиционерлер] качан кылмыш ишин козгошоорун күтүүгө аргасыз болушкан. Ал эми [милициядан] ага [далилдер] жетишсиз деп коё алышкан», — деп түшүндүрөт Ашуралиева.

Анын позициясы менен юрист Замир Жоошев макул эмес. Ал жаңы ЖПК укук коргоо органдарында «коррупциялык тобокелдиктерди бир аз эле төмөндөтөт» деп эсептейт.

«[Коррупциялык] тобокелдик дайыма бар. Бирок аларды кызматкерлерди, алардын баалуулуктарын, моралдык жоопкерчиликтерин жана башка ушул сыяктуу нерселерди мыктылоо [аркылуу] гана жок кылса болот», — деп айтты Жоошев.

Юрист КЖБРди киргизүүнүн жалгыз эле жакшы жакшы — бул өз кайрылууңдун системадагы кыймылын байкоо мүмкүнчүлүгү гана деп эсептейт.

«Азыр жабырлануучу тергөөчүлөрдүн аракеттерине же аракетсиздиктерине тергөөчү судьяга даттана алышат. Ал [прокуратурага] кайрыла алат. Бирок бир четинен жабырлануучу мурда деле [тергөөчүлөрдүн аракеттерин жана иш боюнча чечимди] прокуратурада жана соттордо даттана алган», — дейт Жоошев.

КЖБР жана жазык саясаты

КЖБР тергөө судьяларына, башкы прокуратурага, ИИМге, финполго, УКМКга, бажы кызматына жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) жеткиликтүү. Бирок чынжырдын башында — башкы прокуратура турат. Ведомство бул системанын колдонулушун, тергөөчүлөрдүн сотко чейинки өндүрүштүк мөөнөттөрдү сактап-сактабаганын көзөмөлдөйт.

Тергөөчүлөр КЖБРге киргизилген кылмыштар жана жоруктар жөнүндө иштерди сотко чейинки өндүрүш урунда толуктай алышат. Мисалы, бажыдагы жемкорлук жөнүндө иш иликтенип жаткан жана милиционер шектүүлөрдүн изине түшүп, алар эки айга камакка алынды деп коёлу. Бул маалыматтардын бардыгы КЖБРге киргизилет.

Ошондой эле КЖБР Кыргызстанда кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү статистика жүргүзүүгө шарт түзөт. Мурда, Ашуралиеванын айтымында, ар бир орган кийинчерээк салыштырууга аргасыз кылган кылмыштар боюнча өз статистикасын жүргүзүп келишкен. Эми болсо маалыматтарды андан ары Кыргызстандын жазык саясатын толуктап жана түзөтүүлөр үчүн талдоого жана талкуулоого жеңил болот.

«Биздин [кылмыш-жаза системабыз] — бул жазалоодон калыбына келтирүүчү системага өтүү деп айтабыз го. Бул каяктан алынды эле? Анткени, биз да статистика чогултканбыз — түрмөдөгү калк, [эркинен] ажыратылган жайларда отурган адамдар боюнча. Бирок бизге [талдоо үчүн маалыматтарды] чогултуу кыйыныраак болгон», — деп түшүндүрдү Ашуралиева.

Замир Жоошев