Кыргызстан дүйнөдө эң арзан мобилдик интернети бар өлкөлөрдүн тизмесин толуктады. Өлкө британиялык Cable компаниясынын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча Индиядан кийин эле экинчи орунду ээлеген.

Cable дүйнөдөгү 230 өлкөнүн мобилдик интернетинин баасын анализдеди. Бул үчүн компания мобилдик трафиктин 1 гигабайтынын орточо баасын эсептеген. Аталган изилдөө үчүн керектүү маалыматтарды 2018-жылдын октябрынан ноябрь айына чейин чогултушкан.

Cableдын маалыматында, Кыргызстанда 1 ГБ мобилдик трафиктин орточо баасы 27 центти же 18 сомду түзөт. Эң эле арзан тариф — 8 цент же 5 сом, ал эми эң эле кымбаты 1 ГБ үчүн — 48 цент же 33 сом.

Кыргызстанда үч мобилдик оператор иштейт: «Мегаком», «Билайн» жана «О!».

Мобилдик интернети арзан алгачкы беш өлкөнүн катарына Индия менен Кыргызстандан кийин Казакстан, Украина жана Руанда кирди.