Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов сот имаратында. Сүрөт: «АКИпресс»

Бишкекте мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун үстүнөн сот процесси башталды — экөө тең учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен ачык араздашып аткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери.

Бул Кулматовдун үстүнөн болуп аткан биринчи, ал эми Ибраимовдун үстүнөн кезектеги сот отуруму. Бишкектин мурдагы эки мэри тең ар башка кылмыш иштери боюнча айыпталышууда.

Кулматов 2014-жылы Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн 2 млн АКШ доллар кытайлык грантты мыйзамсыз колдонгондугу боюнча айыпталууда.

Ибраимов Бишкектин мэрлик кызматындагы коррупцияга, андан тышкары, «муниципиалдык жерди мыйзамсыз берүүгө» жана «Нурлуу жээк» пансионатын сатууга байланыштуу айыпталууда.

Саясатчылардын экөөсү тең экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрү. Кулматов менен Ибраимов камакка алынгандан кийин учурдагы жана мурдагы президенттердин ортосундагы араздашуудан улам куугунтукталып жатышканын «саясий» деп аташкан.