Экс-президент Роза Отунбаева «Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясында өлкө аймактарында жетекчилик кызматтарды негизинен эркектер аркалап келишкенин, ал эми аялдарды аталган кызматтарга жолотушпай, аларга социалдык көйгөйлөр менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбей жатканын билдирди. Ал муну «караңгы заман» деп атады.

Роза Отунбаева

«Азыр саясий ландшафт өзгөрдү. Мындай караңгы заман эч качан болгон эмес. Аймактардагы бардык жетекчилик кызматтарды эркектер ээлейт. Мен ушуну премьерге айткым келет, бирок ал жок. Бардык дайындоолор анын колунда. Ал эмне үчүн жалаң эркектерди дайындайт?», — деп айтты экс-президент.

Отунбаеванын айтымында, өлкөдө 7 губернатор, 40 аким жана 35 мэр иштейт — алардын ичинде бир да аял жок. «Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалогдун учурунда филармонияны 1200 эркек ээлеп алды. Көрсө аймактар үчүн эркектер гана сүйлөшөт экен», — деди ал.

Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог — бул президент, өкмөттүн аткаминерлери жана судьялар катышкан ири конференция. Бул жылы конференция 26 жана 27-февралдарда Бишкекте өттү. Жыйында Розу Отунбаева айылдык кеңештердеги 30% мандат аялдар үчүн сакталышын колдоду.

Кыргыз саясатында аялдардын укуктары кандай абалда экенин түшүнүү үчүн «Клооптун» журналисти Александра Ли даярдаган материалды окусаңыз болот: «Бул сага оюн эмес». Эмне үчүн кыргыз саясатында аялдар абдан аз?