Аялдардын 8-мартка карата жөө жүрүшүн «Кырк Чоро» кыймылы «токтотууну пландоодо». Бирок милиция катышуучулардын коопсуздугун камсыздоону убада кылды

«Кырк Чоро» митингде. Сүрөт: Токтосун Шамбетов / RFE / RL

«Кырк Чоро» кыймылынын активисттери 8-мартка карата аялдардын тынчтык жөө жүрүшүнүн өтүүсүн «тыйганга» даяр турганын билдиришти. Бишкек милициясы иш-чаранын жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоону убада кылды.

«Кырк Чоро» кыймылынын башчысы Замир Көчөрбаев анын уюму 8-мартка карата өтө турган аялдардын жөө жүрүшүн «кубаттабасын» «Клоопко» айтып берди. Анын айтымында, кыймылдын мүчөлөрү «жөө жүрүштү тыюуну» пландап жатышат — бул үчүн 100гө чукул адам чогулмакчы.

«Биз бул [жөө] жүрүштү токтотобуз. Азыр мен [кандай кылып экенин] айта албайм, кийин көрөсүңөр», — деди Көчөрбаев.

«Кырк Чоро» Бишкектин бийлигин өз акциясына чыга турганы жөнүндө кабардар кылган — бул маалыматты Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов «Клооптун» кабарчысына билдирди.

Бишкек ШИИБдин басма сөз катчысы Нурлан Кайназаровдун айтымында, милиция тартип менен жөө жүрүштүн коопсуздугун иш-чаранын баш-аягына чейин камсыздайт. Бирок ал нөөмөткө канча милиционер чыгаарын айта алган жок.

Жыл сайын Бишкек феминисттик демилгелер (БФД) уюму 8-мартка карата тынчтык жөө жүрүшүн уюштуруп келет.

Бул жылы БФД жөө жүрүштөн тышкары, тилектештик шаарчасын уюштурат. Жөө жүрүштөн кийин катышуучулар Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына бир нече чатыр тигишет. Маалыматка ылайык, алар ал жерде каалоочулар үчүн билим берүү сессияларын өткөрүшөт.

Буга чейин 6-мартта Бишкек мэриясы БФДга 8-мартка карата жөө жүрүш уюштурууга тыюу салган токтом чыгарган. Бирок ошол эле күнү шаар бийлиги бул токтомду жокко чыгарган.