Каттагы грамматикалык каталар үчүн Жогорку Кеңештин спикеринин кеңешчиси кызматтан алынды

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков спикердин катында грамматикалык каталар кетирилгени үчүн ээлеген кызматынан алынды. Сабырбеков бул үчүн жооптуу болгон деп айтышты.

Сабырбеков 6-мартта кызматынан бошотулган — бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. Анын айтымында, спикердин кеңешчиси «Жумабековдун иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу» болгондуктан өз кызматынан кеткен.

Грамматикалык каталары бар каттын көчүрмөсү интернетте 28-февралда пайда болгон. Ал жерде бир нече сөз ката менен жазылган. Мисалы, «премьер» деген сөздүн ордуна «примьер» же «ар бир» деген сөз «арбир» деп жазылган.

Жогорку Кенештин иш кагазы ушундай болсо, элдин жашоосу онолобу?

Posted by Бийназар Кайназаров on Thursday, February 28, 2019

Документти коомдук желелердин колдонуучулары талкуулай башташкан: кээ бири парламенттин кызматкерлерин «шалаакылык үчүн» урушушса, башкалары каттын чын-төгүнүнө ишенишкен эмес, ал эми дагы башкалары спикердин өзүн күлкүгө алышкан, себеби документке Дастан Жумабековдун атынан кол коюлган.

Бир нече күн өткөндөн кийин, 4-мартта, парламенттин басма сөз кызматы спикердин жарыяланган каты чын экенин жана «күнөөлүүлөр жазаланаарын» билдирген.