Иса Өмүркулов менен Алмазбек Атамбаев. Атамбаевдин президент болуп турган кези. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиядагы ыдыроо, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишиндеги кемчиликтер жана анын учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусу туураалуу «Би-би-синин» кыргыз кызматына чоң маек курду. Саясатчынын интервьюсун кыскача баяндап беребиз.

КСДПдагы ыдыроо туураалуу. Өмүркулов билдиргендей, ал жана башка социал-демократтар КСДПнын ичиндеги ыдыроодон улам жаңы партия түзүүнү пландашкан жок, анткени ансыз деле ага көп эмгек кеткен. «Жаңы партия түзүү үчүн же башка партияга кетүү үчүн көп акылдын кереги жок», — деп кошумчалады Өмүркулов. 2018-жылы жазында Атамбаев Жээнбеков менен араздашып кеткенден кийин партияда ыдыроо орун алган.

Атамбаевдин кемчиликтери туураалуу. Өмүркулов Атамбаевдин президенттигинин кемчиликтери соңку жылдары байкала баштаган деп эсептейт. «Атамбаевди дайыма колдоп келгем [...] 1-2 жыл болду [ал президенттик кызматтан кеткенине] коррупциянын кандай дэңгээлге келгенин көрүп атабыз», — деди депутат. Депутат өзү Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү болгон, атүгүл анын учрунда Бишкектин мэрлик кызматын аркалаган. Азыр Өмүркулов мурдагы президенттин каршылаштарынын тарабына өтүп, ошондон улам аны КСДПдан чыгарып коюшкан.

Атамбаевди КСДПдан четтетик коюу тууралуу. Өмүркуловдун айтымында, мындай мүмкүнчүлүк бар, бирок ал аны демилгелегиси келбейт. «[Атамбаев] съездге келип, өзүнүн жасаган ишинин отчётун берсин. Эгер аны делегаттар, катардагы партия мүчөлөрү колдошсо, иштей берсин. Мен анын ордун талашып барайын деген оюм жок», — деди ал.

Президенттин иниси жана депутат Асылбек Жээнбеков менен мамилеси туураалуу. Өмүркулов жыйындарда Асылбек Жээнбековдун жанында отураарын, бирок аны менен ыдыроо жөнүндө сүйлөшпөсүн, болгону «мыйзамдар туураалуу» кеп кылышаарын айтты. Мурдараак экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду анын иниси дагы деле Жогорку Кеңеште депутат болуп отургандыгы үчүн «кланчылыкка» айыптаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилеси тууралуу. «[Аны менен] мамилем жакшы», — деди Өмүркулов. Анын айтымында, бардык үч саясатчы тең, өзүн, Атамбаев жана Жээнбеков парламенттин биринчи чакырылышына 1995-жылы чогу келишкен. Өмүркуловдун пикири боюнча, мурдагы президент менен азыркы президент эбак эле жарашып алышмак, бирок алардын мамилеси тереңдеп кеткен.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо тууралуу. «Чынын айтсам [шайлоодо ат салышууга] барбай да калышым мүмкүн. Мүмкүн деп атам да. Себеби биз өтө эле саясатташып кеттик. [...] Бул жакшы эмес, бул бизди артка тарта турган көрүнүш. Эгерде саясатчылардын айткандары менен жасагандары бирдей болсо, анда элдин жашоо-турмушу эбак эле жакшы болуп кетмек», — деди ал.