Социалдык кызматкер менен милиционерлер кармалган аялдын балдарын алып кетишүүдө. Сүрөт: Александр Чернышев / РИА

Кыргызстанда туулган аял Москвада жаңы төрөлгөн кызын потенциалдуу сатып алуучуларга өткөрүп берип, ал үчүн 1 млн рубль алгандан кийин кармалган. Аялга карата «Жашы жете элек баланы сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Московский Комсомолец», «РИА новости», «Известия» жана башка орусиялык басылмалар маалымдашкандай, ымыркайдын апасы Кыргызстанда туулган. Басылмалардын маалыматына ылайык, ымыркай 27-февраль күнү Москва шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде жарык дүйнөгө келген. Анын апасы жаңы төрөлгөн кызын 1 млн рублга баалаган.

Адам сатууга каршы күрөшкөн «Альтернатива» коомдук фондунун координатору Юлия Силуянова алар ымыркай сатылаары жөнүндө жарыяны коомдук тармактардан 2018-жылы жай айларында эле табышканын «РИА Новостиге» айткан.

«[Энеси] “сыйакы үчүн” бир жаштагы кызын жакшы орус үй-бүлөсүнө берүүгө даяр экенин кыйыткан», — деди Силуянова.

Анын айтымында, фонддун кызматкерлери аны менен байланышып, бирок аял баласын сатуудан баш тарткан. Себеби туугандары аны полиция менен коркутуп, бул кадамга барбоого көндүргөн.

Бирок 2019-жылы январда аталган аял кайрадан «Альтернативанын» өкүлдөрүнө байланышка чыгып, жакын арада көз жараарын кабарлаган. «Миллион [ымыркай үчүн] сурады. Биз макул болдук. Ал Уфадан Москвага келиши керектигин макулдашып, жол киресин төлөп беребиз дедик», — деп билдирди Силуянова.

«РИА Новости» басылмасына Силуянова менен ымыркайдын апасынын кат жазышуулары түшкөн: «1 млн, мен жакынкы убакта [Уфадан] чыгып жатам, [келишимден] кийин биз бири-бирибизди тааныбайбыз».

Баланы өткөрүп берүү 5-мартта Москвадагы батирлердин биринде өткөн. «Альтернативанын» кызматкерлери сатып алуучу катары аял менен жолугушууга келишкен.

«Биз андан “кайра ойлонуп кеткен жоксуңбу, бул убакытта балага көнүп калган жоксуңбу” деп бир нече жолу сураганбыз. Эгер ал баласын калтыргысы келсе, батир менен Москвага чейинки билетке кеткен акчаны талап кылбайбыз деп убада бергенбиз», — деди Силуянова.

Бирок ымыркайдын энеси болгону энелик укуктан баш тартуу жана акчаны алгандыгы боюнча тил катка гана кол коюп берген. Силуянованын айтымында, ымыркайдын энеси баласын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү жок эле өткөрүп берген.

«Бул өтө кооптуу: документтер боюнча ымыркай бул жашоодо жок болуп атпайбы. Мисалы анын органдарын кайра сатууга эч нерсе тоскоол жаратпайт — издешпейт», — деп «Альтернатива» уюмунун өкүлү ишендирип жатты.

Баланын энеси акчаны алган соң батирге полиция кызматкерлери кирип келип, аны жеринен кармашкан.

Кармалган аял билдиргендей, күйөөсү аны беш айлык кош бойлуу кезинде таштап кеткен, ал эми башка кишиден төрөлгөн дагы эки баланы ал кабыл алган эмес. Келин күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ымыркайды сатуу аракети үчүн ал алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Сот аны эки айга камакка алды.

«Уялып жатам [...] Күйөөм эшикке чыгарып салган. Таптакыр акчам жок болуп, эч ким жумушка албай жаткан. Башка атасы да балдардын тагдырын ойлогон эмес», — деп айтып берген ал полиция кызматкерлерине.