Mozilla Бишкекте кыргыз сөздөрүн таануу боюнча хакатон өткөрөт

Өзүнүн Firefox браузери менен белгилүү болгон Mozilla коомчулугу программчылар үчүн кыргыз тилин таануу боюнча хакатон өткөрөт. Хакатон 12-15-мартта Борбор Азиядагы Американын университетинде өтөт.

Хакатондун алгачкы күнүндө Mozillaнын өкүлү Жошуа Майер Common Voice долбооруна байланыштуу маалыматтарды топтоо жана үн системасы жөнүндө айтып берет. Common Voice — бул айтылган сөздөрдү таануу системасы. Ал системага кыргыз тили да кошулган, бирок кыргыз тили багытында иш жетишээрлик өнүгө элек.

Система кандай иштээрин баамдап көрүңүз:

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири болуп «Биздин мурас» уюму чыгууда. Ал өзүнүн «Эл-Сөздүк» деген аталыштагы онлайн сөздүгү менен таанымал. Уюмдун жетекчиси Чоробек Сааданбеков «Клооптун» журналистине айтып бергендей, хакатондо кыргыз тилиндеги сөздөрдү таануу үчүн машиналык окутууну үйрөтүшөт.

«Хакатон программчылар үчүн [өткөрүлүүдө]. Анткени программчылар келип атышат, алар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, машиналык окутуу менен кантип иштөө керектигин көрсөткүлөрү келет», — деди Сааданбеков.

Иш-чарага катталуу электрондук форма аркылуу жеткиликтүү. Катталуу мөөнөтү чектелген эмес — уюштуруучулар алгачкы 30 билдирмени кабыл алышат. Хакатонго катышуу үчүн англис тилин эркин билүү кажет эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Mozilla кыргыз сөздөрүн тааныган системаны түзүп жатат. Буга ар бир адам катыша алат