Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Кеч кирип бара жатат. Балдардын цирк студиясы. Анын кең залында өспүрүмдөрдүн кыйкырыктарынын коштоосунда музыка жаңырууда. Гимнаст кыздар көнүгүүлөрдү жасап жатышат. Бир маалда жаңырып аткан музыка үнүнөн бийигирээк бир добуш чыкты: «Сен биздин үмүтүбүзсүң! Сени бүткүл өлкө карап турат!» Улгайган машыктыруучу окуучуларынын бирине кыйкырып, бул аракети менен бир кезде цирктин сахнасынан өзү да жүз ирет туя алган сезимдерин жеткирүүгө аракеттенип жатты.

Ал өзү Таласта туулган. Цирк аренасында чоңоюп өсүп, 56 өлкөнү кыдырып келген. Өзүн Айталиев Анарбек Тагайматович деп тааныштырып, ар сөзүн биз угуп көнгөн мугалимдик кыраат менен айтса да аны баары жөн гана Анарбек байке дешет.

Чакан иш бөлмөдө жашоо

Анарбектин Таластагы балалыгы менен анын ар кайсы жумуштарда иштеп жүргөнүн эске албаганда, ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн циркте иштеп өткөргөн. Бирок ал цирктен башка жашоосун эсепке албайт, анткени ал жылдарды эстегиси келбейт. Азыр Анарбек 66 жашта. Эмгек китепчеси боюнча ал дагы деле Кыргыз мамлекеттик циркинде иштеп жаткан артист. Бирок чындыгында ал көптөн бери аренага чыкпай калган, себеби цирк студиясында кичинекей балдарды машыктырат.

Студиянын жайгашкан жерин табуу кыйла эле татаал: жарыялар, геолокация жок. Тээ мурдараак цирк эстакадасынын үстүндө «Цирк студиясы: акробатика, гимнастика, жонгляж» деген жазуусу бар жыгач такта илинип турчу. Азыр ал такта цирктин гаражында чирип жатат: кир, тамгалары да өчүп кеткен.

Иш ордуларынын көпчүлүгү цирк имаратынын өзүндө жайгашканы менен студиянын машыгуу залы башка курулуштун ичинде. Ал курулушта машыктыруучулардын иш бөлмөлөрү да орун алган.

Иш бөлмөнүн каалгасынын тушунда Кыргызстандын байрагы илинип турат. Столдун артында балдар цирк студиясынын жетекчиси, Анарбектин кесиптеши, досу — Оксана Фёдоровна ноутбугун берилүү менен карап отурат. Столдун үстүндө болсо ичке тамекилердин калдыктары салынган чылым күлүн салгыч турат.

Шкафта колго жасалган чүпүрөк органайзери илинүү. Анын ичинде бурагыч, аттиш жана башка шаймандар бар. Ал эми жанында кыргыз циркинин 50 жылдыгына арналган каралжын тарта баштаган медаль, «Circo internazionale città di Roma» (Эл аралык цирк шаары Рим) белгиси жана «Эң таланттуу артистке» деген картондон жасалган медаль илинген.

Бул чакан иш бөлмөдө жашоо кайнап турат: Анарбек кесиптеши Оксана Фёдорова менен машыгуулардын планын талкуулоодо. Маал-маалы менен бөлмөгө кичинекей балдар баш багышып, учураша коюп залга чуркап кетишет. Ата-энелер келип, машыктыруучуларга «Иштериңиз жакшыбы? Ден соолугуңуз кандай?» деген жылуу сөздөр менен кайрылып, баарлашууну башташат. Бирок машыгуулардын ортосундагы тыныгуу учурунда Анарбек менен Оксана Фёдорова сүтсүз даярдалган ачуу кофени ичип, күлүп да, кайгырып да, жөн гана жаштыкты эскерип отурушат.

Оксана Фёдоровна иш бөлмөсүндө. Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Анарбектин атасы наристе жарык дүйнөгө келээрден бир ай мурда кайтыш болуп калган. Жогорку билимдүү, бирок туруктуу иши жок энеси баласын алгач жергиликтүү интернатка берген. Кийинчерээк Таластагы үйүн сатып, бүткүл жашоосун бир нече чемоданга чогултуп, үй-бүлөсүн Бишкекке көчүрүп кетүүгө аргасыз болгон.

Борбордо турак-жай тандап жүрүү мүмкүн эмес болгондуктан, Анарбектин апасы чатыры камыштан жасалган алачык сатып алууга гана чамасы жеткен. Өзү лимонад фабрикасына орношуп, балдарын калаадагы мектепке киргизген. Алардын Бишкектеги жашоосунун алгачкы жылдары оор болгон — акча дайыма тартыш болчу.

Энеси баласынын алдында өзүн күнөөлүүдөй сезчү. «Мен буга чейин интернатта болгом да, сагынгам, жетимдей болуп жүргөм». Анарбектин эптеп көңүлүн ачып, анын алдында күнөөсүн жууш үчүн энеси араңдан-зорго акча топтоп, циркке эки билет сатып алат.

Анарбектин баяны бул жерден токтоп калды. Оксана Фёдоровна алардын балдар жамаатынын катышуусундагы видеосун тапты. Жарык жанып, кол чабуулардын коштоосунда аренага балдар чыгып, жаттап алынган сөз угулду: «Манежде Анарбек Айталиевдин жетекчилиги астындагы балдардын цирк жамааты!»

Машыктыруучу окуучуларынын акробатикалык көнүгүүлөрдү кантип аткарып жатышканына көз салып турат. Окуучулары өтө тез кыймылдагандыктан цирктин аренасы тегеренип кетти. Анарбек бир саамга көздөрүн жумуп, бир кездерде ошол окуучуларынын курбалдашы болгон кезин эстеди. Биз да ага ортоктош болдук.

«Мени цирктен кубалашчу, бирок кайра келип алчумун»

Короодо 1964-жылдын ысык аптаптуу күнү. Фрунзенин шапито циркине Орусиядан артисттер келишти. Бул жерде алар жай мезгили бүтөөр-буткүчө иштешет.

Апасы Анарбекке жана анын улуу эжесине араңдан-зорго акча чогултуп сатып берген билетин тапшырды да, «кызын иниңе көз салып тур» деп бир аз кабатырлануу менен циркке жөнөттү — өзүнө билет алууга акчасы жок эле.

Жарым-жартылай караңгы жана дем кыстаган циркке көрүүчүлөр чогула башташты. Анарбек жана анын эжеси эң алыстагы арзан орундуктарды ээлешти. Бирок бул алардын кубанычына таасир этпей, балдар сүйүнүп жатышты.

Тайманбаган акробаттар, эптүү гимнасттар, шайыр маскарапоздор — мунун баары бир кызыктуу картинага айланды. Анарбек демин чыгарбастан артисттерди карап, «Алар башка галактикадан келишкен го» деп ойлонуп жатты. Эмоциялар толкунун шатыраган кол чабуулар коштоду.

Анарбек таң калган сезимдерин тыйгыча эле аренага жаныбарларды жетелеген артисттер чыга калышты. Мындай айбанаттарды бир эле таластык бала эмес, бүтүндөй советтик Фрунзе да эч качан көрө элек болчу — аренада пилдер!

Анарбек алоолонгон сезимдерге толуп, үйүнө кайтып келээри менен эле апасына «Мен цирк артисти болгум келет» деп айткан.

Анарбектин шакирти студияда. Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Ошол эле жылы гезиттер кыргыз цирк жамаатына артисттерди кабыл алуу тууралуу алгачкы жарыяны чыгарды, Анарбек сынакка барды. Бирок ал болгону 12 жашта гана болчу, эч нерсе деле кыла алчу эмес. «Мени кабыл албай коюшкан», — деп күлүп эскерди ал.

Ошондой болсо да бала көңүлүн чөктүрбөстөн, андан көрө жөн гана кийинки кабыл алууга даярдык көрүү керектигин түшүнгөн. Анарбек ошол эле маалда мектепке да, машыгууга да үлгүрүп, акробатика жана балдардын цирк студиясына жазылган. Ал артисттерди кабыл алуу жөнүндөгү кезектеги жарыя чыкканга чейин бир нече жыл ушинтип жашаган. Бирок кийинки жолу да Анарбекти циркке алышкан эмес.

«Мен дубалдан [ашып] өтүп, жашырынып, цирктин аренасында жана анын айланасында репетиция кылчумун. Мени цирктен кууп чыгышчу, бирок кайра эле кайтып келе берчүмүн, — деп айтып отурду Анарбек. — Мен буу казандарына от жагыла турган бөлмөдө түнөчүмүн. Нан жеп алып көнүгүү кылам, а бул учурда апам мени издеп жүргөн болоор эле».

Апасы Анарбектин циркке кирүү каалоосу күч экенин билген. Анарбек мектепти таштап, дээрлик үйгө келбей калган. Ошондо апасы топтун жетекчисине келип, баланы жамаатка алгыла деп көндүрүүгө аракет кылган. Жетекчи макул болгон.

Анарбектин кубанычында чек жок эле. Аны үйрөнчүк кылып болсо деле циркке алышкан. Ал өзүн ар кайсы жанрларда сынап көрүп, эки жылдан кийин кыргыз циркинин расмий артисти болууга жетишкен. Ал кезде цирк жамааты коңшу республикаларга гастролго чыгып тураар эле.

Жаңыдан ишке кирген артист өз жамааты менен бара турчу биринчи шаар Дүйшөмбү болгон. Анарбек велофигуристтердин номерине даярданган эле. Бирок алар сапарга чыгаар алдында алардын номерин чийип салышкан. «Ошентип кайра көчөдө калдым».

Бирок бул кабатырлануу узакка созулган жок. Баланын өнөрү менен дымагын көргөн тааныш акробаттар аны өздөрүнүн катарына чакырышат. Ошентип ал баштыгын чогултуп, өзүнүн алгачкы гастролуна —Тажикстандын борборуна жөнөп кетет.

Дүйшөмбүдөн ары артисттерди дароо эле Омск шаарына жөнөтүшөт. «Биз жайкы кийимчен элек, Омскто болсо кыштын кыраан чилдеси». Сибир шаарында борбор азиялык артисттер кыйнала түшкөнүн көргөн Омск циркинин директору жергиликтүү аскер бөлүгүнө барып, кандайдыр бир жол менен көйнөк жана баш кийимдерди таап келиптир.

Анарбек толугу менен кесибине киришип кетти: элдин алдына чыгып, өзүнүн жөндөмдөрүн токтоосуз жакшыртып, жаңы нерсе үйрөнүү үчүн кээде башка жамааттардагы артисттердин оюнга даярданууларын да байкатпай аңдып койчу.

«Силерге эмне керек?»

Эки жылда биринчи жамааты менен болгон гастролдордон Анарбек тажап кеткен. Анткени ал дүйнө кезүүнү кыялданчу, а чындыгында ал кыштан башы чыкпаган Сибирь жана Азия шаарларын гана кыдыра алды. Бул туңгуюктан чыгуу үчүн Анарбек аскерге кетүүнү чечет. Анын пикири боюнча, мындай кадам өнүгүүсү ордунан жылбай калган жамааттан кетүүнүн жалгыз гана жолу болчу.

Бардык цирк артисттерин Москвага чакыртып атышкан эле. Бирок Анарбек борбор калаага келгенден кийин күзгү чакыруу учүн ал абдан эле жаш экени аныкталат. Ошол эле учурда ал армияга да барышы керек эле, артка жол жок болчу. Ошондуктан ал жергиликтүү военкоматтын кызматкерлеринен анын туулган күнүн 22-декабрдан 22-ноябрга өзгөртүп берүүсүнө көндүрөт. Анарбек цирктин артисттери, кино актёрлор жана музыканттардан турган аскерий ансамблге түшүп калган.

Анарбек ат жалында ойноо жөндөмүн көрсөтүп жатат. Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Аскерден келген соң Анарбек өз өнөрүнө кайтууну чечет. Таанышынын сунушу боюнча аны Москванын Чоң циркине сынакка чакырышат. Ал апасынын жардамы менен тааныштарынан карызга акча таап, кийим-кечектерин чогултуп алып өз үйүнөн 3,5 миң чакырым алыстыктагы Рязанга жөнөп кетет. Ал жакта аны Попов, Никулин, Запашный жана башка элдик артисттерден турган комиссия күтүп турган эле.

Ал жерде аны бүткүл Советтер Союзунан чогулган атаандаштары да чогулган. Бирок Анарбектин аларга салыштырмалуу бир артыкчылыгы бар эле. Алардын баары саналуу гана трюктар боюнча адис болсо, Анарбек бардык трюктарды жасаганды билчү.

Анарбектин өнөр көрсөтүүгө кезеги келгенде калыстар тобунан бирөө андан «эмне кылганды билесиң?» деп суроо салат. Ал тайманбастан «а силерге эмне керек?» деп жооп кайтарат. Муну уккан калыстардын бири «Омо-ой, бул бала кыйын окшойт, кана көрсөтчү өңөрүңдү!» деп буйрук берет. Ошол жерден Анарбек билегин түрүп аларга ат жалында ойноону, акробатиканы жана башка жөндөмдөрүн көрсөтөт. Ал калыстарга өнөрүн берилүү менен көрсөткөндүктөн аны токтотууга туура келген. Ошол жерден Анарбек Москванын Чоң циркине кабыл алынат.

Ал бир нече цирк топторунун курамында ондогон өлкөлөрдү кыдырган. Бирок анын эсинде тоолуу мекени саналган Кыргызстанды элестеткен Голландия өлкөсү калыптыр. Анарбек алгач эле бул өлкөнүн дүйнө жүзүнө белгилүү жоогазын талааларын эмес, сырларын [сүттөн жасалган азык] эстейт. «Бизди шамал менен иштеген тегирменге көп алып барышчу, ал жактан сырларды сатчубуз. Сырлардын анчалык көп түрүн көрө элек болчумун. Мисалы, жашыл түстөгү же көк тарткан сырлар бар эле. “Мен муну жебейм” деп айтканым эсимде», — деп күлүп эскерди ал.

Мексикада Анарбек өзүнүн эмгек жолундагы эң чоң аянтчага, ичине 60 000 адамды батыра алган олимпиадалык стадиондо өнөрүн көрсөткөн. Ал «Эхо Азии» аттуу жамаат менен ат жалында ойноо номерин көрсөткөн. «Мексикалыктар кубанычтары койнуна батпай, үстүңкү кийимдерин өйдө ыргытып жатышты», — деп отурган жеринен тура калып, ат ээринде отургандай эле аргымактын жалында ойногонун көрсөтүп, айтып жатты Анарбек.

Бир маалда ал дароо токтоп калды — дубалдагы саат 15:00дү көрсөтүп турат. Демек ал кичинекей акробаттар күтүп жаткан машыгуу залына шашылышы керек.

«Советтер Союзуна кызмат кылам!»

Залдын бийик шыптарына аркандар жана кызгылт кездемелер илинген. Күзгүлөр илинген дубалдын жанында кичинекей бала жонглёрдук кылып жатат. Күзгүлөрдүн жанында — хореографиялык станоктор. Залдын ар кайсы жерлерине шакекчелер жана башка шаймандар чачылган. Балдар залда тентектик кылышууда. Алардын эң эле кенжеси жети жашта болсо, улуусу болжолдуу 10 жашта.

Машыктыруучу кирип келди. Анын жанына жүзү тоголок бала чуркап келип, колун башына такап «Советтер Союзуна кызмат кылам!» деп катуу кыйкырды. Машыктыруучу чын жүрөктөн күлүп, баланын башынан сылап койду. Машыгуунун алдындагы көнүгүүлөр башталып, кичинекей балдар секирип, башынан алыс тоголонуп жатышты, бирок бир ыргакка түшө албай жатышкансыды. «Сегиз. Тогуз. Он», — деп машыктыруучу кичинекей балдардын чоюулууларын баалап жатат. «Сенде деген толук жыйырма экен да!» — деп машыктыруучу окуучулардын бирин мактады.

Анарбек күзгүнү карап, балдарга шакекчени кантип айлантуу керектигин көрсөтүп жатты. «Бул жерде мындай кылып тегеретүү керек! Мен силерге көрсөтө деле албай калдым, менин манжаларым картайып калды!» — деди ал балдарга.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Балдар машыгып жатканда алардын ата-энелери Оксаны Фёдоровнанын иш бөлмөсүндө сүйлөшүп, кофе ичип отурушту. «Мен балама өзүңдү начар алып жүрсөң машыгууга жибербей коём» деп айтам, — деп айтып берип жатты ата-энелердин бирөөсү. «Ал Кудай берген адам!», — деди кубануу менен үнүн өктөм чыгарган энелердин бири.

Саат 17:00гө жакындап калганда кенже группанын машыгуулары бүтөт. Анарбектин тамеки чегүү үчүн тыныгуу жасоого 10-15 мүнөтү пайда болот. Ал бош калган иш бөлмөсүнө келип тамекини күйгүздү да, баяндоосун улантты.

«Кетип жатканда баары ыйлашат»

«34 жашымда кесиптик пенсияга чыктым, — деди Анарбек. — Бирок кетким келген эмес. Ошондуктан, элдин алдында чыгууну улантуу үчүн ат жалында ойноону жанглёрдук менен акробатикага алмаштырдым».

Москва циркинде ал 2005-жылга дейре эмгектенген. Ал учурда анын жашы 50дөн өтүп калган эле. «Бардыгы кетип жатып ыйлашат: спортчулар да, ырчылар да», — дейт муңая жылмайган Анарбек.

Шуулдаган мегаполистеги жашоосуна көнбөгөн Анарбек Бишкекке келүүнү чечет. Бирок 30 жыл ичинде бул шаарда көп нерсе өзгөрдү, ал эми цирк искусствосу алсырап кеткен эле. Бардык артисттер башка чөйрөлөргө кетип, ал эми цирктин орунжайын ижарага кафе, ресторандарга бере башташкан.

Анарбек да чыгармачылыгынан баш тартууга аргасыз болду, себеби ага акча керек эле. Ал куруучу болуп, кафель чаптап иштеп жүрдү, ал эми кийинчерээк иштеп келүү үчүн Кытайга кеткен.

Бирок ал тез эле кесибин сагынып, анысы аз келгенсип семирип да кеткен. Күндөрдүн биринде өзүн күзгүдөн көрүп алып, тааныбай калган — күзгүнүн ары жагында аны жашоодо эч качан кооптуу трюктарды жасап көрбөгөндөй шылкыйган жана улгайган, семиз адам карап турган болчу. Ошол эле күнү ал буюм-тайымын чогултуп алып, Бишкекке кайтып келе берген.

Бул жерде ал жонглёрдук кылып, маскарапоз болуп ресторан жана кафелерде кошумча акча иштеп таап калган. Кээде Анарбекке таштар менен жонглёрдук кылганга да туура келчү, кантсе да жашоо оңой эмес да! Дал ошол кездерде Оксана Фёдоровна аны таап, балдар үчүн цирк студиясынын үстүндө иштөөнү сунуштаган. Анарбек сунушка макул болгон.

Цирктин ошол кездеги директору балдарды эски машыгуучу залда үйрөтүүгө уруксат берген, бирок студияны каржылай алган эмес. Ал жерди ачыш үчүн Анарбек унаасын сатып, ал эми Оксана Фёдоровна болсо өзүнүн тажиясындагы «табытка» чогултуп аткан акчасын садага чабууга аргасыз болгон.

Павел Большаковдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Алар студияга кичинекей балдарды 2007-жылы биринчи ирет ала башташкан. Алгач сабактар айына 1000 сом болчу, азыр болсо бекер. Анарбек менен Оксана Фёдоровна Мамлекеттик цирктин кызматкерлери катары айлык акы (албетте, анчалык көп эмес) алышып, артып калган ар бир сомду студияга жумшашат. Мисалы, номерге керектелчү чокмордуу аспаптарды алар йогурттардын стакандарынан кичинекей балдар менен чогуу жасап, белек берүүчү жылтырак кагаз менен чапташкан. Иш бөлмөдөгү керебеттин маңдайындагы кутучада жаңы чокмордуу аспаптар турат. Алар буйрутма менен Орусиядан ар бири 2000 сомдон жасатылып, бир аз сүрүлүп да калган экен.

Күндөрдүн биринде студиядагы балдарды калаа кафелеринин бирине өнөр көрсөтүүгө чакырышат. «Биздин жада калса костюмдарыбыз да жок болчу. Бирок биз жакшы грим жасадык. Ошол күнү бизге 6 миң төлөп беришти». Машыктыруучулар акчаны балдарга бөлүп берип, дагы бир бөлүгүн шаймандарга деп сактап коюшкан. Бирок студиядагы буюмдардын көпчүлүгүн Анарбек өзү жасаган.

«Эң негизгиси, колдон келди»

Сыртта караңгы кирип калганы менен залда ызы-чуу, адам көп. Анарбек өзүнүн мыкты номери — «ыргытуучу тактайларын» көрсөттү. Машыгууга өзү да катышып жатты: аркандарды кармап, туура кыймылдарды шыбырап айтып, маал-маалы менен күч келип, энтиге кеткенине даттанып коюп атты.

Эки кыз шакекчелер менен көнүгүү аткарып жатышат, Анарбек керебетте алардын кыймылдарына чымыркануу менен көз салууда. «Кечигип калбадыңбы?! Кайра башынан! Бир, эки, үч, төрт!» — деп Анарбек кыйкырып жиберди да, ак көңүл машыктыруучудан катуу талапты катуу койгон агайга айланып кетти. Ал ордунан туруп, жинденип чет жакка басты: «Биз ушул үзүндүнү көптөн бери даярдап жатабыз!» Оксана Фёдоровна аны акырын тынчтантып, машыгуу уланып кетти.

«Учурда бизде жалпы 20га жакын бала бар. Азырынча жаңыларды ала албайбыз — лицензиянын узартылышын күтүп жатабыз», — деп кыстара кетти Анарбек.

Анын тарбиялануучуларынын басымдуусу номерлери менен ийгилик жаратып көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып жүрүшөт. Алардын бири Светлана Аширова — гимнаст жана ат жалында ойногон кыз. Ал дагы Анарбек сыяктуу ондогон өлкөлөрдү жана шаарларды кыдырган, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышкан. Азыр Анарбек менен чогуу цирк студиясында эмгектенет.

Бирок, артисттин айтымында, кээ бир окуучулары атактуулукка жеткенден кийин ал жөнүндө эстебей калышат.

«Машыктыруучуларды унутуп калышканы эч нерсе эмес — деп өзүн өзү ишендирүүгө аракеттенди ал. — Эң негизгиси, колубуздан келди… Балдарды даярдап чыга алдык!», — деп кыйкырып жиберди да, минтип кошумчалады: «Баары бир биз бактылуубуз. Келечекке ишенебиз. Ушуну менен жашайбыз».