Жайнак Үсөн уулу. Сүрөт: КТРК

КТРКнын байкоочу кеңеши телеканалдын жаңы башкы директору кылып Жайнак Үсөн уулун шайлады. Бирок жаңы жетекчи жөнүндө эмне белгилүү жана медиа коомчулук андан эмнени күтөт?

Жайнак Үсөн уулу алгач 22 талапкер ат салышкан жарышууда башкаларга караганда эң көп упай ала алган. Талапкерлердин арасында жарандык активисттер, журналисттер, башка телеканалдардын жетекчилери жана ошол учурда КТРКны жетектеп турган, бирок кийинчерээк шайлоого бир нече күн калганда талапкерлигин алып салган Илим Карыпбеков да болгон.

Үсөн уулу өзү мурдагы премьер-министр, таасирдүү саясатчы жана бизнесмен Өмүрбек Бабановго байланыштуу делген НТС жеке телеканалын жетектейт. Ошондой эле жаңы башкы директор Телерадиоберүүлөр ассоциациясынын негиздөөчүсү болуп саналат. Үсөн уулу тууралуу кыргыз медиа эксперттери эмне дешүүдө жана андан эмне күтүшүүдө?

Гүлнур Төралиева

Төралиева: «Үсөн уулу — бийлик үчүн компромистүү фигура»

Медиа эксперт жана өкмөттүн басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Гүлнүра Төралиева КТРКнын жетекчилигине башчыны тандоо президенттин аппараты менен макулдашылбай коё алмак эмес, ошондуктан ал телеканалдын редакциялык саясаты кандайдыр бир жол менен өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн «Клоопко» айтып берди.

«Мен ал бийликтин басымына каршы турууга жөндөмдүү деп эсептебейм [...] Бирок кандайдыр бир коомдук колдоо аны редакциялык саясатты кайра карап чыгууга түртө алат деген үмүт бар», — деди Төралиева.

Воронина: «Маалыматтык саясаттын жакшырышы тууралуу таттуу кыял жок»

Медиа эксперт жана мугалим Елена Воронина НТС Үсөн уулунун жетекчилиги астында жакшы жакка өзгөрүп, атактуураак болуп калды деп айтууда. «НТСтин жаңылыктар командасынын потенциалы өстү, жаңылыктардын чыгарылышы жакшы жагына өзгөрдү», — деп эсептейт ал.

Бирок Воронина белгилегендей, Үсөн уулунун тушунда НТСте басмырлоочу берүүлөр да чыгып турган. Ал «ТВ Кайгуул» берүүсүн мисал келтирди, ал жакта мисалы, ЛГБТга байланыштуу темалар туура эмес чагылдырылган.

«Же болбосо Ассоль Молдакматованын коногу бет капчан чыккан автордук берүүсү. Ал директор катары телеканалдын контентин кеңейте баштаган. Мага маалыматтын сунулуп атканына арызданышкан. Укуктук ык-амал жана ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнөн кантип туура интервью алуу керектиги эске алынган эмес», — деди эксперт.

Воронина Үсөн уулунун жетекчилиги астында КТРКнын маалыматтык саясаты жакшырып кетиши мүмкүн деп эсептебейт. «Балким, Жайнак акчалаштырууда абдан күчтүү болсо керек жана бул жерде анын жөндөмү өтө эле керек болот, бирок анын НТСтеги контент боюнча тажрыйбасы түйшөлтүп жатат», — деп кошумчалады ал.

Елена Воронина
Игорь Шестаков

Шестаков: «Үсөн уулуна көз карандысыз саясатты алып баруу оор болот»

КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Игорь Шестаков Үсөн уулун телекорпорацияны башкаруу үчүн эң ылайыктуу фигура деп эсептегени үчүн ага добушун бергенин «Клоопко» айтып берди. Шестаков үчүн башка талапкерлердин идеяларына салыштырмалуу Үсөн уулунун программасы «натыйжалуу жана концептулдуу» көрүнгөн.

«Анын телевизиондук менежмент маселелерин түшүнөөрү көрүнүп турат. Анткени [КТРКнын башкы директорлугунун] кызмат орду саясий эмес. Бир жагынан орун чыгармачылык болсо, башка жагынан ал экономикалык», — деди Шестаков.

Бирок, анын айтымында, Үсөн уулуна телеканалдын көз карандысыз күн тартибин алып баруу оор болот, анткени КТРКнын азыркы мыйзамы коомдук телекорпорацияны дагы деле «бийликке көз каранды абалына» такайт.

«КТРК үчүн коомдук телеберүүгө жетүү айга чейин жөө барууга тете. Бул мыйзамга ылайык белгилеп койгум келет. Анткени, бүгүнкү күндө КТРК парламент менен өкмөт аныктоочу мамлекеттик каржылоодон толугу менен көз каранды», — деп кошумчалады Шестаков.

Каракулова: «Эң башкы чакырык — күн тартибин коомдук кылууу»

«Интерньюстун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова Үсөн уулу КТРКнын башкы директорлук кызматында корпорациянын күн тартибин коомдукка багытталгандай кылышы керек.

«КТРКдагы жаңылыктарга байланыштуулардын бардыгы — коомдогу талаш-тартыштын предмети. Телеканалга карата дайыма кандай талаптар айтылат? Коомдук күн тартипти чагылдыруу. Саясий, президенттик же парламенттик эмес, тек гана коомдукту», — деди Каракулова.

Анын айтымында, рейтингдерди, кызыкчылыктарды жана телевизиондук аудиториянын каалоолорунун ченөө ийгилиги Үсөн уулу менен КТРКнын өзүнүн аракеттеринен дагы көз каранды. Каракулова мындай ыкма жарнама берүүчүлөр үчүн жана медиа рынокту өнүктүрүү үчүн маанилүү деп эсептейт.

«Азыр көп нерсе телевизиондук жана жарнамалык рынок канчалык консолидациялаша алат, ири оюнчулар канчалык бириге алышаарынан көз каранды. КТРК — бул рыноктогу ири оюнчу, анын катышуусунан Кыргызстандагы пиплметрикалык ийгилик көз каранды болот. Жайнак абдан тажрыйбалуу медиа менежер жана муну ал түшүнүп турат», — деди ал.

Авторлошу: Эмил Султаналиев

Элина Каракулова