Аялзатынын тең укуктуулугу үчүн чыккан 30га жакын катышуучу шаардын борбордук көчөлөрүн басып өтүштү. Бул ирет жөө жүрүш Алымбек Датка эс алуу багындагы көргөзмө менен өзгөчөлөндү.

Шаардын Абдыкадыров жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен башталган марш Алымбек Датка эс алуу багына чейинки аралыкты камтыды.

Жөө жүрүштүн максаты коомдо аялдарга карата басмырлоону токтотуу жана тең укуктуулукка чакыруу дешет уюштуруучулар. Иш-чараны Ош шаарындагы «Жаңы толкун» уюму демилгелеп, ага 30дан ашуун улан-кыздар катышты.

Уюштуруу тобунун өкүлү Майрамбек Таалайбек уулу тынчтык маршы Ошто үчүнчү жолу өткөрүлүп жатканын «Клоопко» билдирди.

«Иш-чаранын максаты Ош шаарынын тургундарына бул майрам аял укугун коргоо күнү экендигин билдирүү. 8-март аялдарга белек берүү же аларды жолугушууга чакыруу күнү эмес — бул аялдардын укугу үчүн күрөшүү жана коргоо күнү. Марштан кийин аялдар, эркектер жана жаштар бул датанын чыныгы маанисин билүүсүн каалайбыз», — деди Таалайбек уулу.

Жөө жүрүштүн катышуучулары кыргыз, орус, өзбек жана англис тилинде жазылган «Адам укугу — аял укугу», «Биз тең укуктуубуз, аялдарга карата зомбулукту токтотобуз», «Мен өзүм үчүн жашайм, ушагыңыз керек эмес» сыяктуу ураан-чакырыктарды көтөрүп жүрүштү.

Жүрүш Алымбек Датка эс алуу багында көргөзмөлөрдү жарыялоо менен жыйынтыкталды. Көргөзмөдө зомбулукка кабылган жабырлануучулардын кийимдери жана социалдык көйгөйлөр чагылдырылган комикс, трафареттер коюлду.

Сүрөттөрдүн автору: Маматказы Расул уулу
Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу