Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов билдиргендей, аялдар жөө жүрүшүн 8-мартта өткөрүүгө уруксат мыйзам чегинде берилген. Буга чейин «Кырк Чоро» кыймылынын төрагасы жөө жүрүшкө ЛГБТ адамдар менен алардын союздаштары катышкандыгы үчүн мэрдин отставкасын талап кылган.

Суракматов 24.kgге билдиргендей, мэрия «кандайдыр бир ар түрдүүлүктөргө карабастан тынчтык жыйналыштарын өткөрүү укугун камсыздоого жана сыйлоого милдеттүү».

«Тынчтык чогулуштардын кыймылынын маршруту жана өткөрүү убактысы, орду боюнча тыюу салууга жана чектөө киргизүүгө [мэриянын] укугу жок», — деди мэр.

Анын айтымында, жөө жүрүштүн уюштуруучулары билдирүүдө эки гана маселени көрсөтүшкөн: гендердик тең укуктуулук жана үй-бүлөлүк зомбулук.

«Биз шаарда майрам күнү коомдук тартипти камсыздап жаттык. Эгер кандайдыр бир бузуулар болгон болсо, анда органдар териштиришет. Мен бардык болгон нерселер үчүн жеке жоопкерчилик тартам», — деди Суракматова.

Бирок мэр жөө жүрүштө айтылган ураандардын кээ бирөөлөрүн провокациялык деп эсептейт. «Ал жакта бир нече адамдар болгон, алар кандайдыр бир плакаттар менен чыгышкан. Бул провокация болчу деп ойлойм», — деп анын айткандарын «Азаттык» келтирет.

8-марттагы жөө жүрүштөгү милиционерлер. Арсений Мамашев / Kloop.kg

Жөө жүрүштүн уюштуруучусу Фарида Лансарова бийлик жөө жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап бергенине абдан ыраазы болгонун «Клоопко» курган маегинде билдирди.

«Биз бардыгына ыраазыбыз. Биз ШИИБ менен мэрияга ыраазычылык катын жазабыз. Мэрдин бийлик Конституциянын жана мыйзам чегинде иш кылат деген позициясы мыкты. Биз ШИИБге алар күчтүү күзөт жана коопсуздукту камсыздап беришкени үчүн абдан ыраазыбыз. Милиционерлердин бүтүндөй бир коридору турду», — деди Лансарова.

Анын айтымында, жөө жүрүш гендердик теңдик, зомбудук жана басмырлоо маселелерин көтөрүп чыгуу үчүн өткөрүлгөн. «Ал эми кээ бир жеке инсандардын жана ЖМКлардын кандайдыр бир башка нерселерге акцент жасаганы — бул алардын маселеси. Жөө жүрүш болуп өттү, резонанс коомдогу өзүнчө инсандардын айынан болду. Феминизмдин байрагы менен 200 адам жүргөн, бирок бизге эч кандай көңүл бурушкан жок. Тескерисинче ЛГБТ байрактары менен келген беш кишиге көңүл бурушту. Бул жерде аялдардын жөө жүрүшү болуп жатса гей параддын эмне тиешеси бар?», — деди ал.

«Кырк Чоро» нааразы

«Кыргыз Чоролору» (ошондой эле «Кырк Чоро» катары белгилүү) кыймылынын төрагасы Замирбек Көчөрбаев жана коомдук тармактардын ондогон башка колдоонуучулары аялдардын жөө жүрүшү үчүн мэрдин отствакага кетишин талап кылышты. Алардын пикири боюнча, акция «гей парадга» айланып кеткен.

Ошондой эле Көчөрбаев мэрияга кыймыл 13-мартта «жөө жүрүшкө уруксат берген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн» жоопкерчиликке тартуу үчүн Бишкекте митинг өткөргөнү жатат.

Замирбек Көчөрбаев «Кырк Чоронун» мүчөлөрү менен чогу Бишкек мэриясынын алдында. Сүрөт: Марат Абдыкалыков / Kloop.kg

«Аларды ээлеген кызматтарынан бошотуу керек. Нааразылык акциясы максатына жеткиче мөөнөтсүз өтө берет», — деди «Кырк Чоронун» өкүлү.

Анын айтымында, 7-мартта алар жөө жүрүштү өткүрүүгө тыюу салуу талабы менен Бишкектин мэриясына атайын келишкен, бирок кыймылга акция өткөрүүгө уруксат беришкен жок.

«Биз [жүрүштү токтотуу боюнча] акциядан баш тарттык, бирок көңүл кош четте турбастан жана кыргыз аялдарын майрамы менен куттукташ үчүн гүл тараттык — муну биз чанбайбыз. Бирок биз бул “гей параддын” катышуучуларына гүл берген жокпуз. Муну атайын топтор “Кырк Чорону” жаман көрсөтүш үчүн кылышууда», — деди ал.

«Кырк Чоро» укук коргоо органдары жөө жүрүштүн уюштуруучуларына жана Бишкек мэриясынын аткаминерлерине карата чара көрүлүшү үчүн прокуратурага арыз даярдашкан.

Аялдар жөө жүрүшү жана ЛГБТ

Аялдардын укугу үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү жөө жүрүш 8-мартта өткөн. Ал мурдагы жылдарга салыштырмалуу адамдарды рекорддук санда чогулткан. 400гө чукул адам аялдардын укугу үчүн ар кандай чакырыктар менен чыгышкан.

Арсений Мамашев / Kloop.kg

Жөө жүрүшкө бир күн калганда Бишкектин бийлиги «Кырк Чоро» кыймылы тарабынан коркутуулардын айынан акцияга тыюу салгылары келишкен, бирок жыйынтыгында жөө жүрүш укук коргоо органдарынын кароолунун алдында өткөн.

Жөө жүрүштөн кийин коомдук желелердин колдонуучулары акция жөнүндө талашып-тартыша башташкан. Кээ бири Бишкекте мындай жөө жүрүш өткөнүнө кубанышса, башкалары катышуучулардын арасында ЛГБТ коомчулугунун мүчөлөрү болушканына нааразычылыгын билдиришкен.