8-мартка карата жөө жүрүштөгү ЛГБТ адамдардын байрагы. Сүрөт: Арсений Мамашев / Kloop.kg

ЛГБТ адамдардын укугун коргогон «Лабрис» уюму аялдардын укуктары ЛГБТнын укуктары менен тыгыз байланышта экенин түшүндүрдү. Ошондуктан алар гендердик теңдик үчүн өткөрүлгөн аялдардын тынчтык жөө жүрүшүн колдошкон.

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат.

Контекст: 8-мартта Бишкекте аялдардын укуктары үчүн тилектештик көрсөтүү жөө жүрүшү өттү. 400гө чукул адам аялдардын укугу жөнүндө чакырыктар менен плакаттарды көтөрүп шаардык көчөлөрүнө чыгышкан. Акцияга өз символикаларын, байрактарын жана чакырыктары жазылган плакаттарын көтөрүп чыккандар жана иш-чарага ЛГБТ адамдарынын катышканы коомдук тармактардын колдонуучуларынын бир бөлүгүнүн нааразычылыгын жараткан.

«Кыргыз Чоролору» кыймылы («Кырк Чоро» аты менен таанымал) Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылган. Алар ошондой эле жөө жүрүштүн катышуучулары менен мэриянын аткаминерлерин жоопкерчиликке тартуу үчүн башкы прокуратурага да кайрылышкан. Мэр өзү болсо жөө жүрүш мыйзамдуу болгонун, бирок кээ бир ураандарды «чагымчыл» деп атаган.

Коомдук тармактарда катуу талкууга алынгандыктан жана улутчулдук топтордун реакциясына байланыштуу «Лабрис» укук коргоо уюму кайрылуу жарыялаган. Анда уюм жөө жүрүшкө эмне үчүн ЛГБТ адамдары катышкандыгын түшүндүргөн. Кайрылуунун текстин анчейин чоң эмес стилистикалык өзгөртүүлөрү менен толук бойдон келтиребиз:

«Бул жылы, 8-мартта, мурдагы жылдардагыдай эле Кыргызстандын ЛГБТ адамдарынын укуктарын коргогон “Лабрис” укук коргоо уюму аялдардын өз укуктары үчүн күрөшүүдөгү тилектештик тынчтык жөө жүрүшүнө катышкан».

Бул жолу жөө жүрүш аял жана эркек катышуучулардын рекорддук санын топтоп, кеңири коомчулуктун көңүлүн бурду. Жөө жүрүшкө мэрия жана улутчул топтордун анын өтүшүнө жолтоо кылуу аракеттеринин арты менен катышуучулар көп чогулган.

Эки тарап тең жөө жүрүштүн өтүшүнө каршылыктарын ага «бир жыныстуулар» катышышат деп аргументтешкен. Жөө жүрүштүн аял жана эркек катышуучулары феминисттик кыймылдагы идеологиялык талаптар менен күн тартибинин ар түрдүүлүгүн чагылдырып, ар түрдүү чакырыктар, талаптар жана символикалар менен чыгышкан. Бирок ЖМКнын жана коомдук желелердин колдонуучуларынын көңүлүн көбүнесе түстүү жана башка ЛГБТ символика бурдурган.

«Аялдардын укугу үчүн күрөшүүчүлөр» жана айрым «либералдар» феминисттик күн тартиби айтылбагандыгына жана «гей парад» менен көлөкөлөнүп калганына кыжырданышкан. Башкалары болсо «ЛГБТнын 8-мартка кандай тиешеси бар?» деп айран-таң калышкан.

Ачыктык киргизүүгө шашылабыз. Феминисттик жана ЛГБТнын күн тартиптеринин бири-бири менен тыгыз жана түздөн-түз байланышы бар. Биринчиден, эң эле аныгы — лесбиянкалар, бисексуалдар жана транс аялдар — булар аялдар, алар өз укуктары үчүн чыккан аялдар менен чогу күрөшүп, көпчүлүк учурда аялдар кыймылынын «согуп турган жүрөгү» болушат.

Транс эркектер, бисексуалдар жана гейлер да, биринчи кезекте, аялдарды жек көрүүгө сугарылган коомубуздун басмырлоосуна жана зомбулугуна кабылышат. Дал ошол «чыныгы» эркектер жана аялдар кандай болушу керек деген патриархалдык маданий талаптар бул топтордун бардыгын, тагыраагы, цисгендердүү аялдарды, гейлерди, лесбиянкаларды, бисексуалдарды жана транс адамдарды эзүүнүн булагы болуп саналат.

«Лабрис» башынан эле аялдар (лесбиянка, бисексуал жана квир аялдар) тобунан жана транс адамдардан куралып, аялдардын укуктарын коргоо боюнча уюм катары катталып калганы кокустук эмес. Гендердик конформдуу эмес жана гетеросексуалдуу эмес адамдар «чыныгы» эркектер менен аялдар жөнүндө калыптанган түшүнүктөргө байланыштуу, аларды гетеросексуалдуулукка өтүүгө милдеттендирген күтүүлөрдөн улам коомдун басымын түздөн-түз баштан кечиришет. Ошондуктан ЛГБТ адамдар дайыма феминисттик кыймылдын маанилүү жана керектүү бөлүгү болуп келишкен.

Экинчиден, ЛГБТ менен аялдардын кыймылынын күн тартиптери бир нече маанилүү жерлерде кесилишет, тактап айтканда, дене маселелеринде, сексуалдык жана тукум улоочулук укуктарда, тандоо эркиндигинде жана социалдык адилеттүүлүктө.

Бардыгыбыз үчүн дене автономиясы жана өзүн-өзү аныктоо укугу маанилүү. Биз бардыгыбыз эзүүнүн системдүү түзүмдөрүнө — сексизмге, расизмге, капитализмге каршы күрөшөбүз.

Аялдардын укугу үчүн күрөш бир эле «нормалдуу» аялдардын укугу үчүн гана күрөш деп тар аныктап, калган башка бардык лесбиянкаларды, бисексуалдарды жана транс аялдарды, майып аялдарды, мигрант кыз-келиндерди, секс жумушчуларды, АИВ менен жашаган аялдарды, баңгизат колдонгон аялдарды, чайлд фрилерди эсептен чыгарып койбоо керек.

Эгер аялдардын укутарын колдоп туруп, ошол эле маалда ЛГБТ жана «башкаларды» жөө жүрүштөн четтетүүгө чакырсаңыз, анда сиз өзүңүздүн моралдык компасыңыздын багытынын үстүндө бекем ойлонушуңуз керек. Эгер сиз ЛГБТнын катышуусу феминисттик күн тартиптин «кадырын кетирет» деп ойлосоңуз, анда биз патриархат үчүн эч качан «жакшы боло албашыбызды» түшүнүшүңүз керек.

Эмне үчүн сизге аялдарды бекер жумушчу күч, секс объект, улуттун менчиги жана балдарды өндүрүү боюнча машина катары караган адамдардын батасы абдан маанилүү?

Андан тышкары тилектештик өз ара эки тараптуу болушу керек. Биз аялдардын кыймылы менен тилектештикти тажрыйбалайбыз жана өзүбүздү анын ажырагыс бөлүгү деп эсептеп, калган башка феминисттерден жооптуу колдоону күтөбүз.

Эгер сиз бир дагы ЛГБТ адамды билбей туруп, айланаңарда бизди жок деп эсептесеңиз — бул сиз ЛГБТ адамдар өз жашоолорун ачык сүйлөшүүдөн корко тургандай шарт түзүп койгонуңузду билдирет. Кыргызстандык аялдар кыймылы үчүн өздөрүн ЛГБТнын күн тартибинен оолак кармаганы фаталдык стратегиялык ката болуп калат.

Мындан сырткары, орусиянын мыйзамдары жана моралдык талаптары менен жашагандардын бардыгына Кыргызстанда «гей пропагандага» тыюу салуу тууралуу мыйзам жок экенин эстетип коюу маанилүү. Биздин республикада ЛГБТ адам болуу мыйзамга каршы деп эсептелбейт. «Лабрис» — бул расмий каттоодон өткөн жана мыйзамдуу иш алып барып жаткан уюм. Ишенип койгула, биз дайым болгонбуз жана аялдардын кыймылында дайыма боло беребиз.

Биз барбыз! Биз бардык жерде барбыз! Биз эч жакка жоголуп кетпейбиз!»