Оштун борбордук стадиону жеке ишкерлердин каржылоосу менен оңдолууда

Ош шаарындагы Сүйүмбаев стадионун оңдоо иштери жүрүүдө. Сүрөт: Айдана Жумашова / Kloop.kg

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев стадионун оңдоп-түзөө иштери марттын башында башталган. Бир айдын ичинде стадиондун VIP залы, отургучтары жана ажатканалары жаңыланат. Стадионду оңдоо иштерин жергиликтүү жеке ишкерлер колдоого алып, ага 10 млн сомго жакын каражат бөлүшкөн.

Өткөн жылдын декабрында Ош шаары «Түрксөй» уюму тарабынан Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган. Ага ылайык 2019-жылы калаада бир катар эл аралык маданий иш-чаралар өтмөкчү.

Шаар бийлигинен билдиришкендей, алгачкы иш-чаранын ачылышы 20-апрелде Сүйүмбаев стадионунда болмокчу. Ошондуктан, башкы стадионду оңдоо муктаждыгы жаралган. Мындан тышкары, футбол талаасында Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тайпалык оюндары өтүп келет.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров стадионду ремонттоо демилгесин мэр көтөргөнүн, аны жеке ишкерлер колдоого алышканын «Клоопко» айтты.

«Ишкерлер оңдоп берели дешип өздөрү келип атышат. Чынын айтканда стадион патриоттук сезим менен гана оңдолууда. Эми бул толугу менен ремонт болот деп айта албайм, [каражаттын жетишинче] оңдолот», — деди Абсаттаров.

Басма сөз катчы жеке ишкерлер өздөрүнүн ысымын айтууну каалабаганын, алар жалпы 10 млн сомго жакын акча беришкенин кошумчалады. Аталган каражат VIP залды оңдоого, эскилиги жеткен жана талкаланган отургучтарды жаңылоого жана ички-сырткы ажатканаларды ремонттоого жумшалат.

Стадиондун директору Алмаз Сулайманов «Клоопко» оңдоо иштерине көзөмөлдү мэрия жүргүзүп жатканын айтты.

«Биз тараптан усталарды багуу, электр энергиясы менен камсыздоо гана болуп жатат. Калган иштерди [демөөрчүлөр жалдаган усталар] бүтүрүүдө», — деди Сулайманов.

Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы 12 миң көрүүчүгө ылайыкталып курулган. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн. Ошол убакыттан бери отургучтары талкаланып, чуркоо тилкесинде жаракалар кетип, административдик имаратынын сырты эскирип оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген.

ТЕМА БОЮНЧА: Сүрөт баян: Оштун башкы стадиону 19 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек