КСДП атайын кызматты партиянын съездин өткөрүүгө кийлигишти деп айыптады

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) КСДПнын делегаттарынын жалпы республикалык съездин өткөрүү даярдыгына кийлигишип, кысым көрсөтүүдө деп айыптады.

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева фейсбук барагына УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү паспорт стол бөлүмүнүн жетекчисине жазган катынын сүрөтүн жарыялады.

Өз кайрылуусунда УКМКнын өкүлү бөлүм башчыдан өзүнө 18 жарандын документтеринин көчүрмөлөрүн сурайт. Маалыматка ылайык, ага паспорт алууда толтурулган «№1 форманын» көчүрмөлөрү керектелген. Бул формада жарандын катталган жери, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө жана башка маалыматтар камтылат.

Атайын кызматтын өкүлү катында «Кыргызстандын укук коргоо органдары жөнүндө мыйзамга» таянган. Ошондой эле ал өзүнүн паспорт столдогу кесиптешинен «убакыт аздыгынан жоопту тездетүүнү» суранган.

Жолдубаеванын айтымында, кайрылуудагы тизме КСДПнын Жети-Өгүз району боюнча Ысык-Көл облустук партиялык конференциясынын делегаттары менен шайкеш келет.

«Материалда “Жашыруун” же “Кызматтык колдонуу үчүн” деген белги жок, ошондуктан тийиштүү маалымат Жети-Өгүз районунда кеңири жайылып кеткен», — деп жазат КСДПнын басма сөз катчысы.

Ысык-Көл облусунун башка райондорунда да партиянын өкүлдөрүнө «ар кандай сурамдар жана белгилер» түшүп тургандыктан КСДП каттын чындыгына ишенет.

«Биздин партиялык активисттер муну КСДПнын аймактык конференцияларынын өтүшүн үзгүлтүккө учуратуу максатында аларга жасалып аткан жана жалпы биздин партиянын 18-съездинин өтүшүнө түздөн-түз кысым көрсөтүү деп кабылдашат», — деп эсептейт Жолдубаева.

Андан тышкары, КСДП УКМКнын жетекчилигине расмий кайрылып, түшүндүрмө талап кылды.

«Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна өлкөнүн байыркы партиясындагы делегаттардын тизмесинин кандай тиешеси бар? Эгер бул кысым көрсөтүү үчүн эмес болсо, анда делегаттардын жеке маалыматтары улуттук коопсуздук органдарына эмне кереги бар?», — деп жазат партиянын өкүлү.

УКМКдан билдиришкендей, КСДПнын арызы боюнча кызматтык иликтөө башталды, ал эми жергиликтүү бөлүмдүн жетекчиси жергиликтүү органдарга сурамды бир ай мурда эле «жергиликтүү коом менен өз ара аракеттенүү үчүн абал менен жеринен таанышуу максатында» жөнөткөн.

КСДП атайын кызматтардын «кысымына» болгон арыздануусун анын төрагасы жана өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 6-апрелге белгилеген партиянын масштабдуу съездине бир нече апта калганда ачыктады.

Буга чейин аталган съезд менен байланыштуу бир нече ызы-чуу болуп өткөн. КСДПдагы ыдыроодон улам партиянын мүчөлөрүнүн жыйыны качан өтөөрү туурасында түшүнбөстүктөр пайда болгон. КСДПдан четтетилген Иса Өмүркулов съезд 3-апрелде өтөөрүн жана анда партиянын саясий кеңешинин бардык мүчөлөрү болоорун билдирген.

Мурдагы президентке каршы чыгып аткан «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы да өзүнүн съездин 3-апрелде өткөрөөрүн жарыялаган.